Талас шаарында 29 адам жер тилкелери үчүн алган Кызыл китептери жокко чыгарылып жатканын айтышууда

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарында 29 адамдын жери үчүн алган Кызыл китептерин жокко чыгарып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрь күнү Талас-АКИпрессте көчмө маалымат жыйында шаар тургундары Нурлан Кочемкулов, Кубат Ибраимов, Жеңишбек Чоноровдор билдиришти.

Алардын айтымында, 2006-жылдан бери 6 сотыхтан жер алышкан. Бирок 2 жылдан бери бул жерлер жасалма документ менен берилген деген шылтоо менен Кызыл китептери жокко чыгарылып жатат.

«Биз Талас шаарынын мэриясына кезекке туруп, өзүбүздүн кезегибизде 6 сотыхтан жер алганбыз. Жерлер Талас шаарынын ар кайсы аймагында жайгашкан. 2006-жылдан бери 2008-жылы, 2010-жылы алганыбыз бар. Мамлекеттик каттоо кызматынан Кызыл китеби менен алганбыз. Бирок 2 жылдан бери кайра бул бизге берилген жерлер жасалма документ менен берилген деген шылтоо менен токтомдорубузду, Кызыл китепти жокко чыгарып жатышат. Кезекте турган эмессиңер деген дагы айыптоолор болду.

Ошол учурдан бери райондук, облустук, жогорку сотко чейин бардык. Алардын баары бир тараптуу карап жатат. Ошол сотто дагы биздин кезектер тууралуу маалымат архивден табылып далилденсе дагы, аны жокко чыгарып коюшту.

Бизди кызыктырган жагдай бир токтомдо 9 адам болсо, анын 4 жараксыз, 5 жарактуу кылып чыгарууда. Кантип андай болсун? Ал 5 деле бизге окшоп алган да. Биздин токтомдордун көчүрмөсү архивден табылбай жатат. Ага 2010-жылкы революция себеп деп айтты. Кагаздар ошондо күйүп, жоголуп кеткен экен. Биздин жерлерге бирөөлөр кызыктар болуп эле, ушундай жыйынтык болуп жатат. Азыркы күндө 29 адам жери жок калып жатабыз. Урматтуу өлкө башчыбыз Садыр Нуркожоевич, УКМКнын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич, сиздерден суранабыз, ушунча үй-бүлөнү ыйлатпай, калыс, адилеттүүлүк карап, биздин маселени дыкат иликтеп, жерибизди кайтарып берсеңиздер. Буга чейин какпаган эшигибиз калган жок. 2 жылдан бери ушул жерлерибиздин убарасы менен келе жатабыз. Кызыл китепти ойноп эле бере бербейт да. Биздин үнүбүз жетсе дейбиз», — деди алар.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️