Пример HTML-страницы

Талас районунун Арал айылында МТС база курулду

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Арал айылында МТС база курулду. Бул тууралуу аталган айыл аймактан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын курулушу өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, жалпы аянты 2500 чарчы метр жерге МТС база салынып бүттү. Долбоордун жалпы наркы 3 млн 477 миң 891 сомду түзөт. МТС база айыл өкмөттүн балансында турган айыл чарба жана атайын багыттагы 11 техниканы токтотуучу жана тейлөө жайы болот. Курулушту «Умай курулуш» ЖЧКсы бүтүрдү.

  • Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Умай курулуш» ЖЧКсы 2019-жылы 26-августта кайра каттоодон өткөн. Жетекчиси катары Арстанбеков Бийгазы Арстанбекович, түзүүчүлөр катары Керимбеков Мирлан Канаевич, Аязбеков Оскон Калчороевич, Кутманалиев Теңдибек Касымович көрсөтүлгөн. Ишкана имараттарды куруу менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE