Пример HTML-страницы

Талас районундагы сел эгин талааларды каптап кетти

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 24-июнь күнү саат 17:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Талас районундагы эгин талааларды сел каптады. Бул тууралуу ӨКМдин Талас облусундагы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Чоң-Алыш айыл аймагынын Манас айылында 2 гектар талаага (1 гектар чөп, 1 гектар фасоль) зыян келтирилип, 1 көпүрөнү, 300 метр жолду, Ак-Жар айылындагы сугат арыгынын 10 метр бетон монолитти, Каракол айыл аймагынын Үч-Эмчек айылынын Сары-Булак суусунан келген сел 5 гектардагы чөптү каптап кеткен. 25-июнь күнү Талас райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, жеринде иш алып барып жатышат.

Талас облусундагы сел:

Кечээ, 24-июнь күнү Бакай-Ата районунун Биринчи-Май айылында мөндүр жааган. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришкен.

«Мөндүр саат 15:30 чамасында жаап өткөн. Ал талаадагы төө буурчактардын жалбырактарын, бышып келе жаткан алчалардын мөмөсүн күбүп кетти», — деген алар.

  • ӨКМ 24-25-июнь күндөрү туруксуз аба ырайына жана локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн экенин кабарлаган.

Андан кийин Бакай-Ата районунда катуу жааган мөндүрдөн улам талаадагы каргалар кырылганы кабарланган.

Ал эми Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынан бул маалыматты тастыкташкан.

«Бул табигый кубулуш. Мөндүрлөр талаадагы каргаларды өлтүрүп кеткен. Күтүүсүз мөндүр жаап, каргалар жашынып же учуп кете албай калышкан», — деп айтылган маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE