Пример HTML-страницы

Талас районундагы дыйкандардын айдаган төө буурчагы өспөй, жерди кайра айдоого мажбур болушууда. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТалас районунда төө буурчак айдаган дыйкандар быйыл айдоо жерлерин экинчи ирет айдап жатышат. Бул тууралуу Манас айылынын тургуну Нурсултан Курманбеков билдирди.

Анын айтымында, быйыл, 2024-жылы төө буурчакты 15-майда айдаган. Бирок, жаан-чачын жана аба ырайынын тез ысышы төө буурчактын өсүп чыгышына терс таасирин тийгизген.

«Жаан жаап, кайра күн жылып, анын кесепетинен топурак катып калууда. Мындан улам жер үстүнө чыгып келе жаткан төө буурчак сынып калууда. Бул аябай чоң маселе жаратты. Анткени сынып калган төө буурчак андан ары жетиле албайт. Ал эми өсө элек төө буурчактар данынан жарылып, чирип калган экен. Айла жок, 10-июнь күнү кайрадан айдатып, төө буурчак тиктирип жатабыз. Бул эки чыгым болдук дегенди түшүндүрөт. Эми бир гана ниетибиз, ушул ирет тиккен төө буурчак суукка калбай, түшүмүн жыйнап алсак экен дейбиз. Мындай көрүнүш Талас районунун бардык эле айылдарында болуп жатыптыр», — деди ал.

Талас райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматы боюнча, 60 гектар айдоо жерге эрте айдалган төө буурчак жамгырда калып, өспөй калган. Мындан улам жапа чеккен дыйкандар төө буурчакты экинчи ирет айдоого дуушар болушкан.

Бүгүнкү күндө Талас району боюнча 11 миң 200 гектар жерге төө буурчак айдалган.

Аймактык кабарчы билдиргендей, Таласта төө буурчактын «лопатка» уругунун 1 килограммы 150 сомдон сатылууда. Бир гектар жерге 75 кг төө буурчак жана 40 литр күйүүчү май керектелет. 1 литр күйүүчү май — 65-70 сом, 1 гектар жерди айдоо акысы — 1600 сом, ал эми урукту себүү акысы 2800 сом турат. Ошентип бир гектарга сарпталган чыгым болжол менен 18 миң 450 сомду түзөт. Ал эми 60 гектардын чыгымы болжол менен 1 млн 107 миң сомго жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE