Пример HTML-страницы

Талас районунда төө буурчактын жаңы сорту отургузулду. Уруктар Европадан килограммы 950 сомдон алынып келген

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТалас районунда уругунун килограммы 950 сом болгон төө буурчак тигилди. Бул тууралуу Талас районунун акиминин орун басары Адилет Жолдошев билдирди.

Анын айтымында, Германиядан «Хельда» сортундагы төө буурчактын уругу төө буурчактын түшүмдүүлүгүн көбөйтүү максатында алынып келген.

«Хельда» сортундагы төө буурчактын өзгөчөлүгү — 1 гектардан 5 тоннага чейин түшүм алуу күтүлүүдө. Дыйкандар жаңы сорттогу төө буурчактын уругунун килограммын 950 сомдон алышкан.

Район аймагында мындай уруктагы төө буурчак 10 гектар жерге тигилген.

2024-жылдын апрель айында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Талас районунун дыйкандары негизинен төө буурчак өстүрүү менен алектенерин, бирок акыркы 30 жылдан бери сортту жаңыртуу иштери жүргүзүлбөгөнүн, бул көрсөткүчтүн азайышына алып келгенин билдирген.

Бул көйгөйдү чечүү министрлик өнөктөштөр менен биргеликте «Хельда» аттуу супер элиталык репродукциядагы төө буурчактын жаңы сортун алып келүүнү уюштурган.

Бакай-Ата аймагында сыналган жаңы сорттун алгачкы түшүмү жана сапаты жакшы натыйжаларды берди.

Айыл чарба министрлиги жаңы сортту ишке киргизүүнүн аркасында дыйкандар өндүрүштү, кирешени көбөйтүп, туруктуу экспортко жетишет, ошондой эле жакынкы жылдары үрөн фондун жаңылайт деп күтүүдө.

———

Буга чейин Талас районунда төө буурчак айдаган дыйкандар быйыл айдоо жерлерин экинчи ирет айдап жатышканын айтышкан.

Манас айылынын тургуну Нурсултан Курманбековдун айтымында, быйыл, 2024-жылы төө буурчакты 15-майда айдаган. Бирок, жаан-чачын жана аба ырайынын тез ысышы төө буурчактын өсүп чыгышына терс таасирин тийгизген.

«Жаан жаап, кайра күн жылып, анын кесепетинен топурак катып калууда. Мындан улам жер үстүнө чыгып келе жаткан төө буурчак сынып калууда. Бул аябай чоң маселе жаратты. Анткени сынып калган төө буурчак андан ары жетиле албайт. Ал эми өсө элек төө буурчактар данынан жарылып, чирип калган экен. Айла жок, 10-июнь күнү кайрадан айдатып, төө буурчак тиктирип жатабыз. Бул эки чыгым болдук дегенди түшүндүрөт. Эми бир гана ниетибиз, ушул ирет тиккен төө буурчак суукка калбай, түшүмүн жыйнап алсак экен дейбиз. Мындай көрүнүш Талас районунун бардык эле айылдарында болуп жатыптыр», — деген ал.

Талас райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматы боюнча, 60 гектар айдоо жерге эрте айдалган төө буурчак жамгырда калып, өспөй калган. Мындан улам жапа чеккен дыйкандар төө буурчакты экинчи ирет айдоого дуушар болушкан.

Бүгүнкү күндө Талас району боюнча 11 миң 200 гектар жерге төө буурчак айдалган.

Аймактык кабарчы билдиргендей, Таласта төө буурчактын «лопатка» уругунун 1 килограммы 150 сомдон сатылууда. Бир гектар жерге 75 кг төө буурчак жана 40 литр күйүүчү май керектелет. 1 литр күйүүчү май — 65-70 сом, 1 гектар жерди айдоо акысы — 1600 сом, ал эми урукту себүү акысы 2800 сом турат. Ошентип бир гектарга сарпталган чыгым болжол менен 18 миң 450 сомду түзөт. Ал эми 60 гектардын чыгымы болжол менен 1 млн 107 миң сомго жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE