Пример HTML-страницы

Талас районунда майып адамдар арасында мелдештер уюштурулду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 27-июнь күнү Талас районунда «Өзүңдүн башта» аттуу спорттук-маданий иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, иш-чарага район аймагындагы 18 жаштан 40 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар чакырылып, шахмат, шашки, кол күрөш жана мыкты ыр аткаруу боюнча мелдештер уюштурулду. Жеңүүчүлөр дипломдор, акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Чакырылгандарга Кызыл-Туу айлында сый тамак уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE