Талас районунда биринчи жолу 17 миллион сомго алынган электроавтобус каттай баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунда биринчи жолу электроавтобус каттамы ачылды. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, Шумкар-Уя айыл өкмөтү сатып алган 17 млн сомдук электроавтобус Талды-Булак—Талас каттамына чыгып, жүргүнчүлөрдү ташый баштады. Каттамдын аралыгы 70 км. Жол кире акысы 70 сом деп аныкталды. Пенсионерлер менен студенттерге, окуучуларга 50% арзандатуу каралган.

Жол жүрүү убактысы төмөнкүдөй:

— Саат 7:45те Талды-Булактан Талас шаарын көздөй чыгат.

— Саат 10:00дө Талас шаарынан Талды-Булакка чыгат.

Пример HTML-страницы

— Саат 13:00дө Талды-Булактан Талас шаарына

— Саат 17:00дө Талас шаарынан Талды-Булакка бет алат.

  • 2024-жылы январь айында Административдик-аймактык реформанын алкагында Бекмолдо жана Осмонкулов айыл аймактары бириктирилип, Сасык-Булак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Шумкар-Уя айыл аймагы түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️