Пример HTML-страницы

Талас районунда 2 жашар баланын сөөгү табылды. Аны 200дөй адам издеп жаткан

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунда сууга агып кеткен 2 жашар баланын жансыз денеси табылды.

Маалым болгондой, милицияга 2024-жылдын 18-июнунда саат 19:00 чамасында Талас районунун Чоң-Чычкан өрөөнүнүн Чоң-Түз жайлоосунда 2 жашар бала ойноп жаткан жеринен чоң сууга агып кеткендиги тууралуу кабар келип түшкөн.

Бул окуя Талас РИИБде каттоого алынып, издөө иштерине Талас РИИБдин өздүк курамы толугу менен жана Талас ОИИБден жалпы 100гө жакын кызматкер издөө иштерине тартылган.

Милиция, куткаруучулар, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана жаш баланын туугандары 2 күн издөө иштерин жүргүзүшкөн.

Бүгүн, 20-июнда сай суусунун нугу башка жакка бурулуп, суу азайган кезде 2 жашар баланын сөөгү ташка кыпчылып калган жеринен табылган.

2-3 чакырым алыстыкка агып кеткен 2 жашар баланын жансыз денеси туугандарына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE