Талас—Бишкек каттамындагы айдоочуларга мындан ары автобекеттен гана каттоого уруксат болот

TurmushТалас—Бишкек каттамында эми автобекеттен гана каттоого уруксат. Бул тууралуу Талас ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүн, 11-октябрь күнү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мустапакул Назаров баш болгон кызматкерлер автобекеттерге барып, Талас—Бишкек каттамындагы таксистерге автобекеттерден каттоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Мындан ары дагы айдоочулардын жүргүнчүлөрдү ташуусу бир гана автобекеттерден жүргүзүлүүсү көзөмөлгө алынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️