Талас айрым кызматкерлерге медалдар тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 6-ноябрда Таласта кыргыз милициясынын 100 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, салтанаттуу иш-чарага президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев, облустук укук коргоо органдарынын, мекеме, ишканалардын жетекчилери, мэр жана акимдер катышты.

Айрым кызматкерлерге медалдар жана ардак грамоталар ыйгарылды.

  • 1924-жылдын 14-октябрында РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү жөнүндө чечим кабыл алынып, ошол күндөрү Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Революциялык комитети түзүлгөн. 1924-жылдын 1-ноябрында облустук милиция башкармалыгы иштей баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️