Талаада өлтүрүлүп, зордукталган келин. Эксперт-криминалист үрөй учурган окуя тууралуу баяндап берди

Акыркы жанылыктар

Turmush29 жаштагы Кыялбек Токтосунов Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө эксперт-криминалист болуп иштеп келет. Ал жумуш учурундагы урунттуу учурларды Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.

Каарманыбыз Ички иштер министрлигинин курамында 2018-жылдан бери иштеп келет. Анын айтымында, милиция кызматкери болууну бала кезинен эле кыялданчу.

«Өзүм Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынан болом. Мектепти 2012-жылы аяктаган соң Бишкектеги Эл аралык университеттин юриспруденция адистигине тапшырып, 2015-жылы аяктадым. 2016-жылы аскердик милдетимди өтөп, 2018-жылдан тарта ушул тармакта иштеп калдым.

Милиционер болуу менин балалыктагы кыялым болчу. Себеби мектепте окуп жүргөндө погон таккан кызматкерлердин ишинин тактыгын, жоокерчилигин көрүп, бул тармакта эмгектендим десем болот. Жогорку окуу жайда билим алып жатып, мамлекеттик практикамды Сузак РИИБде өтөдүм. Криминалист менен кылмыш орун алган жерге барып, кароо жүргүзүп, тергөөчүгө жасалган кылмыш тууралуу багыт берген кызматкердин ишин көрүп, кызыгуум артып, ушул тармакта иштеп калдым. Эмгек жолумду Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайынан баштадым. Ал жерде кылмыш кылган шектүүлөр кармалчу. Айрым учурда алардын жакындары тамак же буюм-тайым, кийимдер менен бирге мыйзамсыз нерселерди да алып келген учурлар болот. Кесиптештерибиз менен бир нече жолу шаурмага, тамакка жашырылып кирген баңгизаттарды таап, чара колдонулган. Кылмышка шектүү жарандарды соттун өкүмү чыкканга чейин кайтаруу өтө жоопкерчиликтүү жумуш.

2020-жылы Аксы районунун Кара-Жыгач айылына участкалык милиционер болуп кеттим. Сары-Челек мамлекеттик коругу ушул аймакта жайгашкандыктан бул жерде иштөө өтө жоопкерчиликтүү. Себеби бул жерге өлкөнүн ар кайсы аймагынан, дүйнөнүн булуң-бурчунан эс алуучулар келишет. Коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө биздин милдетибиз. Ал жакта иштеп жүрүп, тоо-ташка чыгып, адашып кеткен ондогон чет өлкөлүк туристтерди куткарган учур болду.

Пример HTML-страницы

Бир окуя эсимден кетпейт. Жайлоого чыккан жергиликтүү тургун эрте жазда балдары менен малын айдап баратып, 4-5-класста окуган баласы ат менен сайдан өтүп жатканда сууга агып кетиптир. Анын жансыз денесин 17 күн ишке барбай, үй бетин көрбөй, токойдо жатып издегенбиз», — дейт ал.

Кыялбек Токтосунов криминалисттин иши кылмыштын бетин ачуу үчүн апталап, айлап жүрүп кыйналаган учур болсо да, кызыктуу экенин айтат.

«Бул кесип абдан опурталдуу. Анткени кылмыш болор замат окуя болгон жер коргондолуп, ал жерге биринчи болуп биз барып кароо жүргүзөбүз. Биздин жумуш шашууну жактырбайт, себеби биз үчүн ар бир деталь маанилүү. Кылмыш жасалган жерде сөзсүз кылмышкердин изи калат. Тактап айтканда, кан же манжа издери, анын баарын чогултуп, экспертизага жөнөтөбүз. Айрым учурда анын жыйынтыгы апталап, айлап чыкпай, кылмыштын бетин ачуу кечеңдейт.

2022-жылдан бери Сузак РИИБде криминалист-эксперт болуп иштеп келем. Мен иштеген 2 жыл аралыгында кесиптештерим менен бирге бир нече резонанстуу кылмыштардын бетин ачтык. Алсак, мындан бир нече жыл мурда Сузакта 25 жаштардагы жигит 30-35 жаштагы келинди талаада зордуктайм деп, капысынан өлтүрүп алган. Аны зордуктап, жансыз денени камыштардын арасына жашырып, эртеси күнү да келип, өлгөн келинди зордуктаган кылмыштын бетин ачканбыз. Бул ишти ачуу да оңойго турган эмес. Ошондуктан биздин кесип ээлерине талбай билимин, тажрыйбасын өркүндөтүү талап кылынат. Себеби кылмыш жасаган адамдын да, жабырлануучунун да тагдыры биздин колдо», — деди ал.

Кыялбек Токтосунов 4 бир туугандын экинчиси. Ал үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️