Таксист, эки жол тескөөчү жана дарыгер бир түндө өлтүрүлгөн. Оштогу 16 жыл мурунку үрөй учурган окуянын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushБыйыл, 2024-жылдын 1-ноябрында кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 100 жыл болот. Өлкөдө бул күн тартип сакчыларынын кесиптик майрамы катары белгиленип келет. Turmush басылмасы милиция кызматкерлеринин ары түйшүктүү, ары кызыктуу жана өмүрүн кошо тобокелге салган кызматы тууралуу маалымат берүүнү улантат.

Бул жолу Ош шаарындагы 4 адамдын өмүрүн алган резонастуу кылмыш тууралуу баяндайбыз. Анда эки милиция кызматкери, таксист жана дарыгер өлтүрүлгөн. Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын жетекчиси Замир Сыдыков ишки иштер органдарында иштегенине 24 жылдын жүзү болду. Ал аталган окуяда кызмат учурунда каза болгон кесиптештерин эскерди.

«Тикодон» табылган 4 жансыз дене

2008-жылдын 17-июлунда эртең менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө келген билдирүү нөөмөттө турган милиция кызматкерлерин бир топ ойго салды. Анда байланышка чыккан адам Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде токтоп турган «Дэу Тико» үлгүсүндөгү унаанын ичинде бир нече дене канга бөлөнүп жатканын айткан. Кабар берген адам унаанын жабылган эшиктеринен куюлуп жаткан канды көрүп, унаанын терезесин үңүлүп карап, андагы жансыз денелерди көргөндүгүн айткан.

Маалымат такталаары менен окуя болгон жерге Ош ШИИБдин башчысы, милициянын полковниги Азиз Тешебаев, ыкчам тергөө тобу, Ош ШИИБдин ыкчам кызматкерлери, прокуратуранын, соттук-медициналык экспертизанын өкүлдөрү барышкан. Токтоп турган кызыл түстөгү «Дэу Тико» үлгүсүндөгү унаанын ичинен 4 адамдын жансыз денеси табылган. Алардын баары башына тийген октон улам каза болгондугу анык эле.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралар учурунда алардын ким экендиги тез эле аныкталган. Алар: Ош ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугунун инспекторлору М.Сактанов, К.Асранов, шаардагы наркологиялык диспансеринин дарыгери Д.Хамидов жана жеке таксист Н.Касымов болчу. Милиция кызматкерлери түнкү кызматта, дарыгер түнкү нөөмөттө, ал эми таксист түнкү такси кызматын аткарганы үйдөн чыгып кеткени маалым болгон.

Бул өзгөчө оор кылмыш шаар тургундарынын тынч уйкусун бузуп, шаарда ар кандай ушактардын, божомолдорун пайда болушуна түрткү болуп, республикада, дүйнөлүк деңгээлдеги массалык маалымат каражаттарына чагылгандай тарай баштаган. Шаарда «Сирена» планы ишке кириип, шаардын чет-жакаларына блокпосттор орнотулган. Ош ШИИБдин кызматкерлеринин алдында бул кылмыштын бетин ачуу боюнча күн-түн дебей иштөө, талыкпаган эмгек күтүп турат эле.

Кылмыштын бул өзгөчө оор түрүн эске алып, Оштогу милиционерлерге жардам көрсөтүү үчүн Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Сагынбек Исмаилов жетектеген опер кызматкерлердин тобу, жол кыймылынын коопсуздугунун бир нече экипаждары Ош шаарына келишкен. Коомдук ири резонанс жараткан бул кылмыштын бетин ачууну ошол кездеги өлкө башчы Курманбек Бакиев өз көзөмөлүнө алып, укук коргоо органдарынын ишин координациялоо үчүн ошол кездеги ички иштер министри, милициянын генерал-майору Молдомуса Конгантиевди Ош шаарына атайын тапшырма менен жөнөткөн.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жардамга келген башка опер кызматкерлер менен биргеликте бул өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча бир нече божомолдорду (версия) түзүп, анын үстүнөн иштей баштаган. Ал божомолдордун арасында «кылмышкер куралдан ок атууну мыкты өздөштүргөн террордук топтун, же болбосо куралдуу күчтөргө тиешеси бар адам болушу мүмкүн» деген божомол дагы бар эле. Кийин убакыт көрсөткөндөй ошол божомол дагы чын болуп болуп чыкты.

Кылмышка шектүү адамды табуу боюнча күнү-түнү милиция кызматкерлеринин талыкпаган эмгеги башталды. Шаарда 600дөн ашуун үйлөр, миндеген автоунаалар текшерилди. Өзгөчө түнкүсүн аталган «Тико» токтогон аймакка кирип чыккан «Хендай Старекс» үлгүсүндөгү унаалар өзгөчө текшерилип, республикадагы бардык бул үлгүдөгү жүздөгөн унаалар текшерилди. Жыйынтыгында алардын бул кылмышка тиешеси жок экендиги аныкталган.

Издөө учурунда шаардагы дискоклубдарынын биринин чатырынан наркологиялык диспансердин каттоо журналы табылган. Анда акыркы болуп 17-июлда катталган Дильшод деген адамдын аты жазылган болчу. Текшерүү учурунда ал адам кылмыш чөйрөсүндөгү адам экендиги жана кылмыш болгон учурда жаза өтөө мекемесинде жазасын өтөп жаткандыгы аныкталды. Милиция кызматкерлеринде «атайын жалган аты-жөнүн жаздырган адам бул кылмышка тиешеси болсо керек» деген аныктама пайда болуп, ал адамды табуу боюнча кошумча тапшырмалар менен иштей башташкан.

2008-жылдын 21-июль күнү кылмышка шектүү адамдын өздүгү, жашаган жери жана иштеген жери аныкталып, аны кармоо иштери уюштурулган. Атайын отряддын жардамы менен Ош шаарындагы чек ара бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөгөн Ж.Г. кызмат ордунда кармалган. Кармоо ишин ошол кездеги Ош ШИИБдин жетекчиси Азиз Тешебаев жетектеген. Ал кармалган учурунда эле бул өзгөчө оор кылмышка баргандыгын моюнуна алган.

Тергөө иштеринин маалыматына караганда, Чек ара кызматынын байланыш кызматынын кызматкери Ж.Г. Баткен коогалаңынын катышуучусу, согуштук тажрыйбасы бар. Ошол түнү кызматта болгон. 25 миң сом карызы тынчтык бербей, аны кайтаруу боюнча эң оор, адам өмүрүн алган кылмышты — бирөөнүн «Тико» унаасын тартып алып, аны сатууну көздөгөн. Ага чейин түнкүсүн зериге тургандыгын айтып, куралканадан өзүнүн табелдик куралын «тазалап турайын» деп алган. Арам оюн ишке ашыруу максатында түнкүсүн кызмат ордун таштап чыгып, адегенде оор кылмыш жасоо алдында өзүн психологиялык жактан даярдоо үчүн 200 грамм арак ичкен. Алгачкы курмандыгы болгон таксист Н.Касымовду тоскон. Кырсыктан бейкапар таксистти шаар четине айдатып, унаадан шылтоо менен түшүрүп, баш жагына атып, «Тиконун» арткы орундугуна жүктөгөн. Жолдо жол кыймылынын коопсуздугунун кызматкерлерине кабыл болуп, алар айдоочуну наркологиялык диспансерден каттоодон өткөрүшкөн. Милиция кызматкерлери арттагы адамдын ким экендигин сураганда «таанышым, мас болуп уктап калды» деп алдап койгон.

Наркодиспансерде Ж.Г. өз атын жашырып, Дильшод деп, жалган маалымат менен каттаткан. Инспекторлор автомашинаны атайын унааларды токтотуучу жайга алып бара турган учурда өз кылмышынан корккон Ж.Г. эки инспекторго капыстан ок чыгарып, аларды башка атып өлтүргөн. Андан соң күбө катары көрүп-билип калган дарыгердин көзүн тазалоо үчүн кайрадан наркодиспансерге келип, дарыгерди сыртка чакырып чыгып, аны дагы башка аткан. Андан соң бардык маркумдардын чөнтөктөрүнөн болгон акчаларды, инспектордун тапанчаларын алып, автомашинаны шаар көчөлөрүнүн бирине токтотуп, жөө келе жатып, наркодиспансерден алган документтерди дискобардын чатырына ыргытып, эч нерсе болбогондой таңга маалы өз кызмат ордуна барып калган.

Ошентип Ж.Г.нын 25 миң сом карызы 4 адамдын өмүрүн кыйган.

Кылмыштын бетин ачуу учурунда анык болгон айрым маалыматтар

Ж.Г. жасаган кылмышынан соң уйкусу качып, түнкүсүн үй алдындагы таксисттерден, кызматтагы кесиптештеринен «кандай дейсиңер, кылмышкерди таба алабы же жокпу, эмне болуп жатат экен ээ?» деп жаңылыктарды сурап турган, радио-сыналгыда жаңылыктарды үзбөй көрө баштаган.

Милиция кызматкерлеринин биринин тапанчасын иштеген бөлүктөгү электр мамычасынын түбүнө көмгөн. Ал эми экинчи тапанчаны жана кан болгон акчаларды полителен баштыкка ороп, үйүндөгү жыйылган көрпө-төшөктөрдүн арасына каткан.

Ж.Г. апасы республикага таанымал адам болгон. Баласынын бул кылмышка шектүү экенин укканда намыстанып, жашаган көп кабаттуу үйүнүн терезесинен боюн таштоого аракет жасаган. Милиция кызматкерлери куткарып калышкан.

Ж.Г. адегенде таксисти өлтүргөн соң ал кылмышты жабуу үчүн күбөлөрдү өлтүрүп кете берген. Бул кылмыштын бетин ачуу үчүн Ички иштер министрлигинен 60 кызматкер Ош шаарына жардамга келген. 600дөн ашуун үй, миңдеген автомашиналар текшерилген. Кылмышкер тууралуу маалымат үчүн акчалай сыйлык жарыя кылынган.

Тергөө иштери аяктап, Ош горнизонунун аскердик сотунун чечими менен аскер кызматкери Ж.Г. төрт адамды өлтүрүүгө күнөөлүү (ошол кездеги Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү), 245-беренеси (курал уурдоо), 241-беренеси (мыйзамсыз курал сактоо, алып жүрүү) деп табылып, өмүр бою эркининен ажыратылган.

Шектүүнүн коопсуздугу үчүн сот процесстери Ош шаарындагы №5 СИЗО мекемесинде өткүн. Каза болгон айдоочунун жубайы жолдошу каза болгондон кийин 40 күндөн соң уулун жарыкка алып келген. Сот процесстерине баласын кошо алып келип, кыркы чыга элек уулу жетим калганын айткан.

«Ош шаарын гана эмес, өлкөнүн элин тынчсыздандырган бул өзгөчө оор кылмыштын бетин ачууга Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын көптөгөн кызматкерлеринин мээнети баа жеткис болгон. Кылмыштын бетин ачууга салым кошкон ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Сагынбек Исмаилов, Ош ШИИБдин башчысы Азиз Тешебаев, анын ыкчам иштер боюнча орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков, Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Башкур Абдыкалыков, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Таалайбек Нурбаев, ыкчам кызматкерлер Мирлан Батыров, Медербек Абдылдакунов, Залкар Сарыков, Урмат Курманбаев, тергөө бөлүмүнөн Памир Асанов, Сыргак Айткурманов, Алмаз Кадыров аттуу милиция кызматкерлеринин эмгектерин эске салып коюшубуз керек», — деп сөзүн жыйынтыктады Замир Сыдыков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️