Turmush — Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну Таалайкүл Табышова Осмон бийлигинин эң алгачкы борбору Сөгүт шаарында өткөн Эртугрул Газинин эскерүү күнүнө катышып келген. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
Сөгүт шаарына Түркиянын Анкара шаарындагы Туран билимдер академиясынын башчысы Айхан Акындын чакыруусу менен барган. Таалайкүл аталган коомдун расмий мүчөсү болуп эсептелет.
Ал өзүнүн саякаты тууралуу буларды айтып берди.
«Эскишехр (эски шаар) деген шаар бар экен. Саякатыбыз ошол жерде башталды. Эскишехирдин 52 км түндүк-батышында жайгашкан Билежик аймагында Эртугрул Газинин эскерүү күнүнө карата иш-чаралар өттү. Билежик түрк мамлекетиндеги тоо койнунда жайгашкан кичинекей шаар экен. Шаар жашыл бактарга чулганып, өтө кооз экенин байкадым. Шаардын сырт тарабында Сөгүт деген чакан шаар жайгашкан. Сөгүт шаары Осмон бийлигинин эң алгачкы борбору болуптур.
Бул шаарда сойлор, огуз уруусу жана татарлар көп жашайт экен. Ал жерде боз үйлөр тигилиптир. Аларды кыдырып көрүп, биздин илгерки курактарды, куржун, чаначтарды, саймаларды, бешиктерди көрдүм. Түрктөр менен биздин эски каада-салтыбыз окшош экенин байкадым. Сөгүттө Эртугрул Газинин күмбөзүндө болдук. Бул жерге туристтер көп келет экен.
Сулейман шах уулу Эртугрул бей Огуздардын бозок бутагынын кайы уруусунун башчысы болуптур. Ал Византия императорунун түрктөрдү Анадолудан сүрүп чыгаруу аракетине каршы согушуп, Осмон империясынын түзүлүшүнө салым кошкон. Урушта көрсөткөн эрдигинен Гази деген наамга ээ болгон. Ал 1281-1282-жылдары 93 жашында каза болгон. Анын сөөгүн уулу Осмон Гази тарабынан жерге берилип, Челеби Мехмет 1дин доорунда күмбөз курулуптур.
Көрүстөндүн кире беришинде эки фонтан бар. Фонтандагы жазууда күмбөз Султан Абдулхамиттин тушунда оңдолгону айтылган. Күмбөздүн айланасындагы аянтта жыл сайын кайы уруусунун өкүлдөрү көчмөн кийимдери менен келишип, Эртугрул Газиге арналып семинар, майрамдар өтүп турат экен.
Күмбөзгө жакын Эртугрул Газинин жубайы Халима хатун мененуулу Санжы бейдин мүрзөлөрү жайгашкан. Ушул эле жерде Эртугрул газинин уулу Осмон бийлигинин негиздөөчүсү Осмон Газинин күмбөзү да бар. Андан сырткары ошол доордогу бир топ тарыхый инсандардын мүрзөлөрү бар экен. Кызыгы Эртугрул Газинин күмбөзүн азыр дагы эки күзөтчү кайтарып турат. Күзөтчүлөр анын доорундагы аскер кийими, ошол кездеги курал менен турушат. Алар убагы менен алмашып турушат. Өздөрүнүн баатырларын, ата-бабаларынын тарыхын өзгөчө урмат кылганы мага жакты. Бул жерде музей уюшулуп, Билежик көчмөндөрү колдонгон көптөгөн этнографиялык буюмдар, идиш-аяк, ашкана куралдары, Осмон империясына таандык археологиялык буюмдар бар экен», — деди Таалайкүл Табышова.
Тарыхка кайрылсак Огуз элдеринин ичинен кайы уруусу Орто Азиядан Анатолияга көчүп барышкан. Кыргыздарды да Огуз элдеринин бир бутагы Кыр Огуз деген сөздөн «Кыргыз» аталган деп жүрүшөт. 1227-жылы Монголдордун башкаруусунун тушунда Анатолияга Сулейман шах баштаган 50 000 адамдан турган кайылар качып барышат. Анадолу Селжук мамлекетинин ошол кездеги башчысы Алаиддин Кейкубат кайыларды Каражадаг аймагына жайгаштырат. Сулейман шах Фырат дарыясынан кечип өтүп баратканда чөгүп өлөт. Ошондон кийин кайы уруусунун айрым бөлүгү Эрзурум жана Эрзинжан аймагына, айрымдары Сирияга көчөт. Дагы бирлери ата журтуна Орто Азияга көчүшкөн. Сулейман шахтын уулу Эртугрул Сөгүттүн айланасына көчүп барып, Византия мамлекети менен кармашып бул жактарды өзүнө каратып алган. Ал болжол менен 1000 чарчы километр жерди каратып алган. Кармаштарда жүрүп Эртугрул Гази болжол менен 1281-1282-жылдары 93 жашында дүйнөдөн кайтат. Анын ордуна уулу Осмон бей шайланган. Ушул Сөгүт шаарында 1231-1243-жылдары Осмон бийлиги жаралып, кийин Осмон империясына айланган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.