Пример HTML-страницы

Таалайбек Баякунов алыскы Ак-Шыйрак айыл аймагына башчы болуп дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак айыл аймагынын башчысы болуп Таалайбек Баякунов дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин райондун алыскы айыл өкмөтүн жетектеп келген Эрлан Асаналиев өз каалоосу менен ээлеген кызматынан кетти. Анын ордуна Таалайбек Баякунов аталган айыл аймактын башчылыгына дайындалды.

Баякунов Таалайбек Кулманбетович 1974-жылы Дархан айылында жарык дүйнөгө келген. Бишкек шаарындагы айыл-чарба совхоз техникумун, кийинчерээк К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин аяктаган.

Буга чейин ветеринария тармагында үзүрлүү эмгектенип, Дархан айылдык кеңешинин 3 жолку чакырылышынын депутаты болгон. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE