Пример HTML-страницы

Т.Кулатов айылына 3 күндүн ичинде таза суу маселесин чечүү тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushПрезиденттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Т.Кулатов айылына барып иш сапар менен барды.

Анда Элчибек Жантаев таза суу менен камсыздоону тез арада калыбына келтирүүгө кеткен акча каражатын чечип берерин айтып, кошумча жумушчу күч тартууну, атайын техниканын санын көбөйтүүнү жана керектүү шаймандарды берүүнү тиешелүү органдарга тапшырды.

Ошондой эле, иштеп жаткан техникалар күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздалып жатканын айтып, дагы муктаждык болсо көйгөй жаратпай, өз убагында облуска кайрылууну айтты.

Селдин кесепетинен Көк-Жар айыл аймагынын Көк-Жар, Алашан, Нарай, Он-Эки-Бел, Борбаш жана Каранай айылдары, Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын Абшыр-Ата бөлүмү таза суусуз калган.

Ушул жума калк таза суу менен камсыз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE