Төкмө акын Барпы Алыкуловдун үй музейи (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБыйыл Барпы Алыкуловдун үй музейин оңдоо үчүн 230 миң сом акча бөлүндү. Бул тууралуу Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров билдирди.

Анын айтымында, акындын 140 жылдык мааракесинин экинчи бөлүгү ал жашап өткөн мурдагы Ачы, азыркы Чокмор айылындагы үй музейинде уюштурулган. Саамалыкка президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Мында келген конокторго акындын калемине таандык ырлар ырдалып, чакан концерттик программа тартууланып, анын өмүрү, чыгармачылыгы эскерилди.

Барпы Алыкуловдун өзү жашап өткөн үйү 1994-жылы анын 110 жылдык мааракесинде үй музей катары түптөлгөн. Мында акындын такай кийген чапанынан тарта үй-бүлөсү колдонгон буюм-тайымдар бар.

Буга чейин Жалал-Абад шаарында залкар акын Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өткөн.

Маалым болгондой, саамалыкка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов жана шаар тургундары катышты.

Пример HTML-страницы

Калаадагы Эркиндик аянтына 19 боз үй тигилип, келген конокторго алп акындын өмүр-чыгармачылыгынан сахналаштырылган көрүнүш көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланды.

Андан сырткары саамалыктын жүрүшүндө облустагы өндүрүштүк мекемелерде чыгарылган продукциялардын жана тамак-аш жармаңкеси уюштурулду.

Барпы Алыкулов (1884-1949-жж) Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Ачы кыштагында 1884-жылы дүйнөгө келген. 9 бир тууган болгон. Атасы Алыкул, анын атасы Шамурза тегинен жарды, кембагалдын тукуму болгондуктан, ар кимге жалчы жүрүп өмүр өткөрүшкөн. Барпы да 8 жашынан тарта Мадалы, Назарбай деген байлардын малын багып, отунун алып, күлүн чыгарган. Кийин Ысакбайда жалчы болуп жүргɵн. Барпы акын бала кезинде башынан кечирген күндөрү жөнүндө «Мен көргөн күндөр» деген ырында эскерген.

16 жашка келгенде акындык аты чыга баштаган. 30 жаштан өткөнгө чейин жалчылыкта жүрүп, Октябрь революциясы жеңгенден кийин гана эркин, өз алдынча жашай баштаган. Өз ара көмөктөшүү топторунда кызмат өтөп, айыл кеңешинин орун басары да болуп иштеген. 36 жаш курагында катуу ооруга чалдыгып 2 көзү тең бүдөмүктөп калат. Турмуш жолунда 23 перзентти жерге берген. Жалгыз кызы (Бурул) аман калган. Даанышман акын 1949-жылы 9- ноябрында Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек шаары) дүйнөдөн кайкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️