Төө-Ашууда кар жаап, унаалардын тыгыны жаралды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 7-ноябрда Төө-Ашууда кар жаап жатат. Бул тууралуу жүргүнчүлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, тоннелден өткөндөн кийин унаа тыгын жаралды. Жолду атайын техника тазалап жатат.

Ал эми «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынын маалатына караганда, Төө-Ашуу ашуусунда Бишкек— Ош унаа жолунун 81-км бөлүгүндө (Сосновка) чоң жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө бар.

Ашууда бороон жүрүп, кар жаап жатат. №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду кардан тазалоо жана кум, туз аралашмасын себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин ӨКМ 7-8-ноябрларда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал экенин кабарлаган.

Пример HTML-страницы

Абанын температурасы кескин төмөндөйт. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулука чейин, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 4…9° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -4° сууктан …+1° жылуулука чейин, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -1…-6° суук, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулука чейин, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -4…-9°, күндүз -1…-6° суук, бийик тоолордо түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8° суукка чейин төмөндөйт.

Республиканын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️