Төө-Ашууда кар жаап, унаалар жүрө албай тайгаланып жатат. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushТөө-Ашууда, Бишкек-Ош унаа жолунда жааган кардан улам жолдор тайгак болуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, жайкы дөңгөлөк менен жүргөн унаалар тайгаланып, токтоп калып жатат.

Ал эми Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы жолдо чыгарда унаанын дөңгөлөктөрүн кышкыга которуу зарылдыгын эскертти.

«Аба ырайы кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунда, Төө-Ашууда туман болуп, кар жаап жатат. Ошол себептен айдоочуларга Бишкек-Ош унаа жолунда жүрүүдө бардык коопсуздук жол эрежелерин так сактоого жана унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга которууну эскертибиз. Түзүмдүн кызматкерлери Бишкек-Ош унаа жолунда кызмат өтөп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️