Пример HTML-страницы

Түштүк Корея Жалал-Абад шаары үчүн 10 квота бөлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында Түштүк Кореяга иштеп келүүнү каалагандар үчүн 6 квота бар. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башкы адиси Абдырахман Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, аталган өлкө сезондук жумуштар үчүн Жалал-Абад шаарына быйыл алгачкы жолу 10 квота бөлгөн.

«Быйыл 6 айда биздин борборго чет өлкөгө иштегени баруу үчүн квота сурап кайрылган 925 киши болду. Алардын көпчүлүгү Германия, Англия сыяктуу өлкөлөргө сезондук жумуштарга баруу ниетин билдирген. Биз аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Ош шаарындагы чет өлкөгө жумушка жайгаштыруу борборуна жөнөткөнбүз. Алардын басымдуусу азыр ошол жакта иштеп жатышат.

Андан сырткары быйыл биринчи жолу Түштүк Корея Жалал-Абад шаары үчүн сезондук жумушарга 10 квота бөлүп берди. Азыркы тапта 4 киши өтүнмө берип, арыздары кабыл алынды, дагы 6 квота бош турат. Бирок алардын талаптары татаал экен, тагырагы корей тилин билүүсү жана бул өлкөгө иштегени бара турган адам биздин борбордо расмий каттоодо туруузу зарыл экен. Ушул тапта кайрылуулар толук болбогондуктан жумушчулар качан кетери тууралуу маалымат жок» ,- деди Абдыкадыров.

Мындан сырткары ал акыркы жылдары Европпа өлкөлөрүнө, Түркия жана Дубайга эмгекенүүгө кетип жаткан кыргызстандыктар көбөйүп жатканын кошумчалады.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин маалыматы боюнча, ушул тапта чет өлкөлөрдө 657 миңден ашуун Кыргызстандын жараны жүрөт. Анын 411 миңдейи Россияда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE