Түркияга иштөөгө барып, калып калган чүйлүк кыздын баяны

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Чүй облусунун тургуну Шолпан Раимкулова (Каймаз). Ал Кыргызстанда төрөлүп-өсүп, бой жеткен соң Түркияга иштөөгө барып, ал жакта калып калганын Turmush басылмасына айтып берди.

«Мен 1983-жылы Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Чалдовар айылында төрөлгөм. В.Казаченко атындагы Кайыңды №1 мектеп-лицейинде окугам. Билимим орто, учурда үй кожойкемин. Курт улутундагы Хаким (1976-жылы туулган) аттуу жигитке турмушка чыккам. Азыркы тапта Түркиянын түндүк-батышында жайгашкан Ялова шаарында жашайбыз. Тагдырдын буйругу менен бөтөн эл-жерге келин болуп, отурукташып жашап калдым. Анда сөз башынан болсун.

Агам экөөбүз Түркиядагы отелдердин бирине жумушка орноштук. Ошол эле отелде Хаким башкаруучу болуп иштөчү. Ал агам экөөбүздү камкордукка алып, өзүнүн айлык маянасын биздикине кошуп койчу. Бир канча убакыт өткөндөн кийин ал мени жээкке чакырып, мага болгон сезими бар экенин айтты. Жаңы жыл кечтеринде, агам экөөбүз бир бөлмөдө отурганбыз. Биздин ата-энебиз жок болгондуктан ал менин колумду агамдан сурап, макулдугун алды. Хакимдин ата-энеси бул чечимге анчалык деле каршы болушкан эмес. Бирок кийинчерээк атасы аны менен өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн уктум.

Алгач никебизди кыйдырып, кийинчерээк расмий түрдө аялы жана күйөөсү аталдык. Чынын айтсам, үй-бүлө курууда алгач бир топ эле кыйынчылыктар болду. Бирок анын баары артта калды. Кайын журтум курд улутунан болгонуна байланыштуу кайненем түрк тилинде такыр сүйлөчү эмес. Ошентип, биз колубузду жансап, үнүбүздү катуу чыгарып да маек куруп жүрдүк. Азыр алардын салт-санаасына, үрп-адатына көнө түшкөндөймүн. Мага алардын салттуу халай бийин себептүү же себепсиз бийлегени жагат. Ошондой эле, алардын ынтымагы жагат, бири-бирине абдан сый менен мамиле кылышат.

Учурда жолдошум экөөбүздүн 1 кызыбыз бар. Муну менен катар анын биринчи никесиндеги уулун да тарбиялап-өстүрүүдөбүз. Бош убакытта туугандарга барып, күнүбүздү көңүлдүү өткөрүүгө аракеттенбиз. Келечекте эл катары бактылуу өмүр кечирип, балдарыбыздын сый-урматын көрүүнү тилек кылабыз», — деп сөзүн жыйынтыктады Шолпан Раимкулова.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️