Пример HTML-страницы

Түркияда иш алып барган Садиралинин баяны

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөчө кырдааалдар министрлигинин республика боюнча мобилдүү куткаруу отрядынын командиринин орун басары Садирали Абдулазиз уулу апааттуу зилзиладан кийин куткаруучулардын 1-этабы менен Түркияга сапар алган.

Анын айтымында, буга чейин куткаруу иштерине көп жолу катышкан. Бирок Түркиядагы апааьтан кийин адамдардын массалык өлүмү, кыйроолор анын жүрөгүнүн үшүн алган.

Садирали Кахраманмараш деген аймакта толугу менен кыйраган көп каттуу үйлөрдө куткаруу иштерин жүргүзгөн. Аталган аймакты зилзаладан бир жума өтпөй, кадимки өлүк жыты каптаганын айтат.

«Биз Кахраманмараш деген жерге бардык. Ал жерде бир жума иштедик. Себеби 12 кабаттан турган үч көп кабаттуу үй толугу менен урап түшүп калган. Ал жерде көптөгөн техникалар иштеди. Өлүктүн жытын элестетсеңиздер, зилзала болгон аймактык ошондой жыт каптады. Ушундан улам биз медициналык беткаптарды өзүбүздүн коопсуздугубузду сактоо иретинде тагып, кызматты жогорку деңгээлде аткара алдык», — деди ал.

Кыргыз куткаруучулары алгачкы тирүү тапкан 16 жаштагы баланын окуясын айтып берди.

«Алгач 16 жаштагы баланы тирүү таптык. Биз ага: «Курсагың ачтыбы? Кандай болду, кыйналбадыңбы?» деп суроо узаттык. Өспүрүм бала бизге жалооруй карап, «Мени силер куткарганга чейин бирөө келип курсагымы тойгозуп жатты. Мени чыгаргандан кийин ал кетип калды» деп жооп берди. Бир четинен мынтип сүйлөгөнүнө жүрөгүбүз эзилсе, экинчи четинен бизди жообу жок ойлорго салып койду», — деди Садирали Абдулазиз уулу.

Ал Түркияда кыргыз куткаруучулары тайманбай, эр жүрөктүк менен өз милдетин так аткарып келишкентигин айтат.

«Кыргызстандын куткаруучулары эбегейсиз жүрөгү ток, тайманбас, эр-жүрөк балдар экенбиз. Мисалы, Түркиянын куткаруучулары жансыз денелерди көргөндө кармай алышпайт. Кыргыздар бир канды көрсө, кирип кете берет. Бир коркот, андан кийин коркуу сезим жок да. Ар бир адамда бир коркуу сезими болот экен. Түркия мамлекетинин бийлик өкүлдөрү кыргыз куткаруучуларынын иштеринин жыйынтыгын көрүп, өз куткаруучуларына: «Эмнеге кыргыздар табат, силер таппайсыңар?» деген сөздөрдү айтып, катуу талап коюшту. Алар биз менен тең тайлашып иштешип, кээ бир жерлерде табылган сөөктөрдү «биз таптык, жок, биз таптык» деген учурлар да болуп кетти. Түркия мамлекетинин куткаруучулары менен чогуу иш алып бардык», — деди ал.

Куткаруу иштери учурунда, баалуу буюмдарды таап, кымырып алууга аракет кылган айрым өлкөнүн куткаруучулары да болгон.

«Урандылардын астынан кымбат баалуу буюмдарды, акча, алтындарды таптык. Бизди көзөмөлдөп турган күзөтчүлөр, милиция жана аскер кызматкерлери болду. Биз тапкан убакта эле ошолорго өткөрүп берип жаттык. Кайсы өлкө экенин айтпай эле коёюн, бирок кээ бир мамлекеттин куткаруучулы тапкан акча жана алтындарын акырын чөнтөктөрүнө салып алышкан экен. Аны жергиликтүүлөр байкап калышып, “силер бизге жардам бергени келдиңерби, же алтын алганы келдиңерби? деп өздөрү эле кууп чыгышты. Кийинчерээк аларды өлкөдөн да чыгарып жиберишти. Кыргызстандын куткаруучуларын кайсы жерде көрүшпөсүн “силер бизге иштеп бергиле, абдан жакшы иштейт экенсиңер” деп, бизди ал жактагы эл талашып жатышты», — деди ал.

Анын айтымында, Түркияга Кыргызстандан 180ден ашуун куткаруучу барган.

«6-февраль күнү Түркия мамлекетине учуп бардык. 67 куткаруучу 1-этап менен барып, 4 тайпага бөлүнүп, 4 тилкеде иштедик. Биз куткаруучулар буга чейин деле өлкөбүздө жансыз денелерди таап жрүгөнбүз. Бирок мынчалык оор анан көп сандагы жансыз денелерди тапкан эмеспиз. Бул апааттуу окуя — үй курулуштардын сейсмикалык коопсуздугун камсыз кылуу керектигин дүйнө элине үлгү боло алды.

Түркиялыктардын маданияты, адамга кылган мамилеси өтө сонун экен. Милиция кызматкерлери, аскер кызматкерлери адамга болгон сылык жана жакшы мамилеси бизге үлгү боло тургандай болду. Ал жакта кыйынчылыктар деле болгон жок. Кыргызстандан 180ден ашуун куткаруучу барганбыз. Куткаруучу деген наамды алган куткаруучулар бардык. Биз келе жатканда аэропорттон жогорку деңгээлде ыраазычылыгын билдиришти. Элдери да ыраазы болушуп, кол чабышып, жогорку деңгээлде узатышты», — деди Абдулазиз уулу.

6-февралда таңга маал Түркиянын Кахраманмараш аймагында болгон жер титирөөнүн күчү 7,4 баллга жеткени айтылган. Саат 13:25те дагы магнитудасы 7,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Түркиялык сейсмологдордун маалыматы боюнча, көбүрөөк жабыркаган шаар Газиантеп болду.

Ушундай эле жер титирөө мындан 23 жыл мурун — 1999-жылы 17-августта өлкөнүн түндүк-батышындагы Измит аймагында болгон. Расмий маалыматтар боюнча, курман болгондордун саны 17 217 адам болсо (башка маалыматтар боюнча 40 миңге жакын), 43 959 адам жарадар болгон. 600 миңдей адам үй-жайсыз калган. Жер титирөөдөн келтирилген зыян биринчи эсептөөлөр боюнча 25 миллиард доллардан ашкан. Бирок кийинчерээк бул сумма дагы 5-7 миллиардга жогорулаган.

Түркия дүйнөдөгү сейсмикалык эң активдүү аймактардын биринде жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE