Түптөн Бишкекке баңгизат ташып бара жаткан жеринен 32 жаштагы жаран кармалды (видео)

TurmushЫсык-Көлдө баңгизатын ташып бара жаткан жеринен жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Түп РИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине, жергиликтүү тургун баңгизаттарын Бишкек шаарына чыгарып кетүүнү көздөп жаткандыгы жөнүндө маалымат түшөт.

Бул факт Түп РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, шектүү жарандын өздүгү аныкталып, ал Балбай айылынын 32 жаштагы тургуну К.Б. болуп чыкты.

Жакында, милиция кызматкерлери тарабынан аталган жаран такси кызматы менен Бишкек шаарына бара жаткан жеринен кармалып, өздүк кароо жүргүзүү учурунда, бир литрлик айнек банкасына салынган 72 даана тегерек формасында жана жапайы кендирдин жыты бар зат табылып алынган.

Алынган далил заты баңгизаттын кайсыл түрүнө кирерин аныктоо максатында соттук-химиялык экспертизасы дайындалды. Райондук соттун чечими менен шектүү жаранга карата 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️