Пример HTML-страницы

Түптөгү сак доорунан калган дөбөчөлөр жолоочуларды эмне үчүн кызыктырып келет?

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп районуна караштуу Балбай айыл аймагынын Фрунзе айылында биздин заманга чейинки 8-1-кылымдарга таандык сак доорунан калган 20га жакын көрүстөн дөӊсөөлөрү жайгашкан. Бүгүнкү күндө бул дөбөчөлөр (курган) маданият министрлигинин карамагында тарыхый баалуулук катары коргоого алынган.

Жол жээгинде жайгашкан эӊ чоӊ дөӊсөөнүн диаметри 150 метрден ашат, ал эми бийиктиги 30 метрге чамалайт. Жергиликтүү тарыхчы мугалим Жолболот Абдыкеримов тарыхый эстеликтер тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

«Биздин заманга чейин 8-1-кылымда сак доорундагы көчмөн эли жашап өткөн. Тарых барактарына кайрылсак, Кыргызстандын түндүк тарабындагы Түп булуӊунда тиграхауд сактары, түштүктөн Фергана суусунун боюнда хаумаварга сактары байырлаган. Дал ушул биз жашап жаткан Фрунзе айылында түштүктөн түндүккө карай катары менен жалпы 19 көрүстөн дөӊсөөлөр (курган) жайгашкан. Маалыматка ылайык, байыркы сак доорундагы көчмөн эл башчыларын мүрзөгө коёрдо алтын сыяктуу баалуулуктарын, минип жүргөн аты сыяктуу мал-мүлкүн жана башка колдонгон буюмдарын кошо көмүлгөнү айтылып келет. Ошол эле учурда коргондун чоӊдугу сак башчылардын даражасына жараша болгону илимде айтылып келет. Биздин аймакта сакталып келе жаткан дөбөлөрдүн эӊ чоӊу диаметри 100-150 метрди түзүп, бийиктиги 30 метрге чамалайт. 20-кылымда гана бул дөбөчөлөр ачылып, археологдор сөөктөрдү казып, изилдөөгө алып кетишкен экен. Бирок ушул күнгө чейин ичинен эмне баалуулуктар чыкканы ачыкталган эмес. Азыркы тапта тарыхый эстелик катары сакталып келе жатат», — деди тарыхчы.

Жол боюнда тизилген көрүстөн дөбөчөлөрү чет элдик туристтерди кызыктыруудан сырткары жолдогу жолоочунун да назарын бурдурат.

Айрым учурларда металл издөөчү шаймандарды көтөрүп алып, айлангандар да бар экенин Фрунзе айылынын башчысы Шамурат Нурсултанов белгиледи.

«Биздин айылда жайгашкан эстелик дөбөлөрү мамлекеттик каттоодон өткөн атайын коргоого алынган жер. Бул эстеликтин жанына көптөгөн туристтер жана башка эс алуучулар келип, сүрөткө түшүп кетишет. Бирок, айрым учурларда жолдогу жолоочулар металл издөөчү шаймандарын алып келип, тегерете айланып, буюм издегенин байкоого болот. Мындан учурда тарых келечек экенин айтып, казууга тыюу салынарына түшүндүрмө беребиз. «Тарыхы болбой, эл болбойт» деп бекеринен айтылбаса керек. Келечекте бул эстеликтер туристтердин агымын алып келет деп ишенебиз», — деди Ш.Нурсултанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE