Түптөгү автобекеттин айланасына тосмолор коюлду. Себеби эмнеде?

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 13-сентябрда Түп районунун борбордук бөлүгүндө орун алган автобекеттин айланасына тосмолор коюлду. Бул абал маршруттук каттамдарга жана жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратып жатканын Жеңиш Самыкбаев билдирди.

Жеңиш Самыкбаев автокассаны иштетип келе жаткан жеке ишкер. Анын айтымында, азыркы автокасса 2017-жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдында жеке менчик катары уюштурулган.

«Мурдагы автобекет өздүк эсепке өтүп, өзүн актабай калганына байланыштуу жеке ишкер катары 2017-жылдан бери Түп—Бишкек, Түп—Каракол жана Түп—Сары-Тологой каттамын ачып, 50 адамдын башын бириктирип иштетип келе жатканбыз.

Автобекеттин ээлеген аянты 25 сотых жерди түзүп, кызыл китеби бар жана ошондой эле жүргүнчүлөргө коопсуздук маселе жаратпайт деген бүтүм менен 2017-жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин атайын токтому чыгарылган. Мындан улам инфраструктураны жакшыртуу максатында жүргүнчүлөрдү тейлөөчү кассанын айланасын иретке келтирип, насыя алып, 5 миллион сомго жакын каражат жумшадым. Бардыгы мыйзам жолу менен, министрликтин алдында иштеп жаткандан кийин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бүгүн ишибизге тоскоолдук жаратты. Таң эрте эле маршруттук унаа кирбегендей тосмолорду коюп салды. Мамлекетке салык төлөп жаткандан кийин жергиликтүү бийлик өкүлдөр жеке ишкерлерди колдош керек болчу», — деди Ж.Самыкбаев.

Пример HTML-страницы

Ал эми Түп районунун акими Каныбек Адиев төмөнкүлөргө токтолду.

«Негизи Түп айылынын башкы планында азыркы автобекеттин оорду каралган эмес. Ал аймакты иретке келтирип, чоң соода борбору же мейманкана курууга туура болот. Автокассаны башка аймакка жылдыруу максаты жергиликтүүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү жана жол кырсыгынын алдын алуу менен унаа тыгынын азайтуу болуп эсептелет. Автобекет болгону 200 метр ичкери кирип, Элебаев— Манас көчөсүнөн орун алат, бул багытта тоскоолдук жарата турган майда дүкөндөр тазаланып алынат», — деди К.Адиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️