Пример HTML-страницы

Түптөгү аймактарда кайсы жолдор оңдолору айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп району боюнча жыл ичи 13 чакырымдан ашык ички жолго жеңил жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.

Анын алкагында Түп айылындагы борбордук Манас көчөсүнүн 1 чакырым 265 метр тилкесинде капиталдык ремонт иштери жүргүзүлүүдө.

Түп райондук №4 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Рысбек Исмаиловдун айтымында, курулуш иштерине ресбупликалык бюджеттен жана «Капиталдык салымдар» беренеси аркылуу акча каражаты бөлүнүп, бардыгы 84.5 млн сом сарпталууда.

«Быйылкы жылы жалпы 13 чакырым жол салынат. Анын ичинен Түп айылындагы борбордук көчө капиталдык оңдоодон өтүп, арык, аялдама, тротуар камтылат. Оңдоо иштерин Каракол муниципалдык жол чарба ишканасы колго алууда. Мындан сырткары, Ичке-Суу—Түп, Шаты—Талды-Суу жолунун 2 чакырымы оңдоодон өтөт. Турук жана Сары-Жаз жайлоосуна кетчү Чаркудук—Туз жолунун 3 чакырымына асфальт басылат. Токтоян—Михайловка жолунун 2 чакырым 700 метри асфальтталса, Тогуз-Булак жана Сары-Булуң жолунун 5 чакырым 300 метри оңдолот», — деди Р.Исмаилов.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE