Пример HTML-страницы

Түптө тоют чөптүн баасы кандай болууда?

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТүп районунун айыл аймактарында беде чөптүн биринчи чабыгы жыйналууда. Жылдагыга салыштырмалуу быйыл малдын тоюту мол болуп, баа арзан экенин жергиликтүү тургундар билдиришти.

Каркыра айыл аймагынын тургундары маалымдагандай, бир түк тоют чөп 200 сомдон сатылууда.

«Өткөн жылы эспарцеттин бир түгү 400 сомго чейин жогорулап кеткен эле. Быйыл аба ырайы жаанчыл болуп, чөп коюу чыкты. Баасы 200 сомдон болууда. Биз бир гектар жерге 10 литр күйүүчү май жана атайын техникага 1500 сом сарптоодобуз. Ошондой эле 15 сомдон түктөтүп жатабыз. Бул чыгымды эсепке алганда, мал бакканга өзүн актайт. Ал эми техника маселеси Каркыра айыл аймагында жетиштүү. Балбай айыл аймагындагы Фрунзе, Ак-Булуң айылдарында техника акысы 1800 сомдон болууда», — дешет жергиликтүүлөр.

2023-жылдын декабрь айында Ысык-Көл облусунун аймагында тоют чөптүн баасы көтөрүлгөн.

Чөптүн баасы (1 түк):

— эспарцет — 460-480 сом;

— былтыркы эспарцет — 450 сом;

— беде — 460-470 сом;

— арпа саман — 350 сом;

— саман — 250 сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE