Пример HTML-страницы

Түптө пенсия курактагы аял кырсыкка кабылууга аз калды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 26-март күнү Түп районунун Талды-Суу айылынын Анаркүл аттуу тургуну «Тойота» үлгүсүндөгү унаасы менен Түп—Каркыра жолунда бара жатып, унаасы менен жолдон чыгып кетти. Бул тууралуу Каркыра айылынын тургуну Данияр Сейдакматов билдирди.

Анын айтымында, Анаркүл аттуу пенсия курактагы аял Казакстандын Кеген айылына бара жаткан. Ал унаада жалгыз болгон. Карама-каршы тилкеде келе жаткан унааны көргөндө, коркуп кетип, жолдун четине алганда шагыл тартып кеткен.

«Аял жолдон чыгып бара жатканда, корккон боюнча бутун газдан алган эмеспи, жолдон 15 метрдей чыгып кетип, күрткүгө сайылып калган. Эгер күрткү болбогондо, коркконунан өзүн жоготкон айдоочу чоң таштарды сүзүп, унаасы менен өзү да кошо зыянга учурамак.

Биз Токтоян айылына баратканда, жолдон аялды унаасы менен көрүп калып, жардам бере баштадык. Ошол тегеректеги №4 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлерине жана чек арачыларга кайрылганда, чек арачылар командири Жоомарт менен баш болуп, 15 мүнөт дегенде жетип келишти. Баарылап унааны жолго чыгарып, ал аял чек арачылар менен бирге Кеген айылына көздөй жолун улантты», — дейт Данияр Сейдакматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE