Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Түптө мектеп окуучусу 4 классташына оору жуктуруп, ооруканага жаткырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Бирлик айылындагы мектеп окуучуларынан кургак учук илдети аныкталды. Оорунун белгилери алгач 14 жаштагы окуучудан байкалып, дагы 4 классташына жуккан.

Түп райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборундагы үй-бүлөлүк даарыгердин айтымында, учурда 1 окуучу Бишкек шаарындагы улуттук фтизиатрия борборунда, 4 окуучу Чолпон-Ата шаарындагы кургак учукка каршы ден соолукту чыңдоо бөлүмүндө дарыланууда.

«Бирлик жалпы билим берүү мектебинин 8-классында билим алган окуучу үстүбүздөгү жылдын апрель айына чейин айылдагы ФАПка кайрылган. Фельдшер дароо эле кургак учукту аныктоочу анализдерди алган. Себеби мурда анын апасы кургак учук менен дарыланып жүрүп, 2019-жылы айыккан болчу. Анан текшерүүнүн жыйынтыгы менен окуучудан илдеттин ачык түрү деп 5-апрелде тастыкталды. Аны ошо заматта эле Бишкек шаарына ооруканага жибердик. Ал эми классташтарына эмдөө жасалып, мугалимдер текшерүүдөн өтүшкөн. Анан 15-апрелде байланыш болгон классташтардын ичинен дагы 4 окуучудан аныкталып, Чолпон-Атадагы санаторийге жиберилди. Колуна манту жасалганда, экөөнүн териси 12-13 миллиметр, экөөнүкү 10 миллиметр чейин кызарган. Бул ооруга бөгөт коюу максатында мектеби жана жашаган үйү дезинфекцияланган», — деди дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE