Түптө медицина кызматкерлери тарабынан ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

TurmushКечээ, 6-апрель күнү Ысык-Көл облусунун Түп районундагы медицина кызматкерлери тарабынан ден соолук күнүнө карата ачык эшиктер күнү уюштурулду. Бул тууралуу Түп райондук ден соолукту чыңдоо кабинетинин башчысы Назгүл Кусеева билдирди.

Анын айтымында, медицина кызматкерлери жарандардын кан басымын жана кандагы кантты өлчөштү. Ошондой эле акциянын катышуучуларына жугуштуу эмес оорулар боюнча маалымат берилди.

Жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу максаты Кыргызстандагы эркек жарандарды медициналык кызматтар менен камтуу деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун маалыматы боюнча, 18 жаштан 54 жашка чейинки эркектер аялдарга караганда жугуштуу эмес оорулардын пайда болуу коркунучуна көбүрөөк дуушар болушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️