Түптө кар жаап, жолдор жабылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районунда кескин өзгөргөн аба ырайына байланыштуу 30-40 см кар жааса, тоолуу аймактарда 50 см кар бар.

Райондук №4 жол тейлөө мекемесинин башчысы Рысбек Исмаилов учурда ички жана эл аралык каттамды техника менен үзгүлтүксүз тазалоо иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, учурда Балыкчы—Ананьево—Каракол унаа жолу, Түп—Кеген эл аралык жолу жана Токтоян—Тогуз-Булак—Михайловка жолу ачык.

Ал эми Шаты—Ичке-Суу-—Талды-Суу жолу, Арал—Талды-Суу ички унаа жолу күндүн экинчи жарымында ачылат.

«Кечээ, 13-ноябрда саат 19:00 чамасында башталган кар бүгүн, саат 9:00 чамаларында токтоду. Ишканадан 2 жумушчу топ тартылып, оор техникалары түнү менен иштеди. Суу кар болгондуктан жол тазалоого «Грейдердин» да күчү келбей жатты. Быйылкы күз-кыш мезгилине карата 1350 тонна кум, 80 тонна туз керектелет», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️