Түптө айылдарды өнүктүрүү максатында тегерек стол өткөрүлдү

TurmushТүп райондук мамлекеттик администрациясында айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында «Айылдардагы биргелешкен өнүгүү жана кызматташтыктын келечеги» аталышында АРИСтин тегерек столу уюштурулду. Бул тууралуу Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Эрмекан Дюшебаева билдирди.

Маалыматка караганда, тегерек столго Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким, айыл аймак башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышып, кенен маалымат алышты.

«АРИСтин аталган долбоору 17.0 миллион АКШ долларын түзүп, Ысык-Көл, Талас, Нарын, Чүй облустарын камтыган. Түп районунан аталган долбоорго 12 айыл өкмөт катталган. Долбоордун негизги максаты катары калктын аз камсыз катмарына көмөк көрсөтүү менен социалдык инфраструктураны өнүктүрүү. Ошондой эле киреше алып келүүчү ишканаларды натыйжалоо болуп, 12 айыл өкмөткө 541 миң АКШ доллары каралган», — деди Э.Дюшебаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️