Пример HTML-страницы

Түптө 32 гектар жакын жерге кулпунай отургузулду

Акыркы жанылыктар

TurmushБыйыл Түп районундагы жергиликтүү дыйкандар 31,8 гектар жерге кулпунайдын 4 түрүн өстүрүшүүдө. Учурда кулпунайдын түшүмү жыйналып, мөмөнүн наркы 220 сомго бааланууда.

Түп райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бекбосун Абдылдабековдун айтымында, кулпунайдын аянты өткөн жылга салыштырмалуу 20 гектарга көп отургузулду.

«Быйыл район боюнча жалпы 31,8 гектар аянтка кулпунайдын «Мице Нова», «Альбион», «Клери» жана «Альба» сорту отургузулду. Эң чоң аянт Каркыра айыл аймагын ээлеп, 21,1 гектарды түзөт. Ошондой эле, Балбай айыл аймагында 4,5 гектар жерге, Түп айыл аймагында 2,5 гектар жерге, Ысык-Көл айыл аймагында 2 гектар жерге, Карасаев айыл аймагында 1,7 гектар жерге көчөттөр отургузулду», — дейт Б.Абдылдабеков.

Эки жылдан бери кулпунайдын түшүмүн алып, пайда таап жаткан Төлгөбай Асанбеков картошкадан кулпунайга өтүү кирешелүү болуп жатканын айтты.

«Биз үй-бүлөбүз менен былтыр кулпунайдын «Альбион» сортун отургузган элек. Эки жылдан бери түшүмүн алып жатабыз. Азыркы тапта 2 гектар жерге айдалган мөмөдөн күн алыс 300-400 килограмм терип, 220 сомдон өткөрүүдөбүз. «Альбион» сорту биздин климатка өсүмдүүлүгү туруктуу, көлөмдүү жана алыскы жолго сынын жоготпой жакшы сакталат экен. Мурда 2 гектар жерге картошка, арпа айдаганда мынчалык деле киреше алып келчү эмес. Уулуман келип сурагандар көп, биз жергиликтүү дыйкандарга ар дайым тажрыйбабыздан бөлүшүп турабыз», — дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE