Түптө 3 бала бакча ишке берилери күтүлүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунда өткөн мугалимдердин август кеңешмесинде Түп районунда балдарды бакча менен камсыздалышы каралды.

Анда катышуучуларга Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Эрмекан Дюшебаева маалымат берди.

Анын айтымында, жакында райондо 100 орундуу 3 бала бакча ачылат.

«Кең-Суу, Байзак жана Михайловка айылдарына 100 орундуу 3 бала бакча ачылганы турат. Анда 300 бала бакча менен камсыз болот. Имараттар чоң болгондуктан учурда ыңгайлаштыруу жагын карап жатабыз. Эгер ыңгайлаштыруу болсо, дагы кошумча экиден тайпа ачылып, 50дөн кошумча бала бакчага бара алат», — дейт ал.

Райондо 6 жашка чейинки 7202 бала бар. Анын ичинен учурда 2807 бала бакчага барат.

Пример HTML-страницы

«Бакча менен камсыз болгон балдардын ичинен 90 бала үй тибиндеги бакчага барууда. Райондо 5 үй тибиндеги бакчаларды ачтык. Дагы үйүмө бакча ачам деген тургундарды окууту иштери жүрүүдө», — дейт ал.

Райондо учурда 11 мамлекеттик бала бакча иштейт. Алардын 4 бакчасында быйыл ыңгайлаштыруу болуп, дагы кошумча 50дөн балага тайпалар ачылат. Дагы бакчага муктаж балдарга шарттарды түзүү үчүн учурда бошогон имараттарды бала бакча кылуу каралууда.

«Аймактарды ирилештирүү реформасынан кийин Ысык-Көл айыл аймагынын бошогон административдик имаратында бакча ачуу иши жүрүп жатат. Ошондой эле айылдарда салынып жаткан мектептердин мурдагы имараттарын бакча кылуу каралууда. Ошондой эле, Бирлик жана Түп айылдарында бала бакчанын курулушу башталды», -деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️