Түптүн акими бул боюнча үн катты

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп районуна караштуу Карасаев айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасы бир апта мурун Каракол шаарындагы облустук төрөт үйүнө барган.

Түп районунун акими Каныбек Адиевдин айтымында, «Chevrolet Captiva» үлгүсүндөгү 425 номурдагы мамлекеттик унааны Карасаев айыл өкмөтүнүн айдоочусу сурап алган.

«Ысык-Көл районунда жаратылыш кырсыгы орун алганда райондун жамааты, анын катарында Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы Абай Коробаев да барган. Дал ошол мезгилде анын айдоочусу мамлекеттик унааны сурап алган экен. Натыйжада төрөтканадан наристесин чыгарып кеткени маалым болду. Мындан улам түшүнүк кат алынды. Анда айыл өкмөт башчы төрөт үйүнө барары маалым болбогонун билдирди. Эгемендүүлүк майрамынан кийин чара көрүлөт», — деди К.Адиев.

Президенттин иш башкармалыгы тарабынан район жана алыскы аймактар үчүн 2023-жылы чыгарылган «Chevrolet Captiva» үлгүсүндөгү 90 унаа сатылып алынган.

Буга чейин Turmush басылмасы президенттин иш башкармалыгы республика боюнча кызматтык унааларды жаңылоо үчүн «Chevrolet Captiva» үлгүсүндөгү 90 унаа сатып алганын жазган.

2023-жылдын 25-февралында райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары — акимдерге жана айрым мэрлерге жаңы кызматтык унаалар тапшырылган.

Пример HTML-страницы

Жаңы кызматтык унаа алгандар:

— Баткен облусунун Кадамжай районунун акими Кутпидин Шакиров;

Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэри Максат Кадыркулов;

— Баткен облусунун Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов;

— Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асылбек Маткалыков;

Ош облусунун Алай районунун акими Каныбек Апбасов;

— Ош облусунун Араван районунун акими Сейтек Кулубаев;

— Ош облусунун Чоң-Алай районунун акими Темирболот Абыкеев;

— Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими Дамир Кулубаев;

— Ош облусунун Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев;

— Ош облусунун Ноокат районунун акими Данир Иманалиев;

— Ош облусунун Өзгөн районунун акими Шабдан Абыкаев;

— Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков;

— Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими Кайырбек Чаргынбаев;

— Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акими Жанысак Сатыбалдиев;

— Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев;

— Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун акими Таалай Ишенбеков;

— Жалал-Абад облусунун Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров;

— Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акими Мирлан Карагулов;

— Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун акими Акылбек Түкебаев;

— Талас облусунун Бакай-Ата районунун акими Алгынбай Имаров;

— Талас облусунун Кара-Буура районунун акими Бектур Сагымбаев;

— Талас облусунун Манас районунун акими Досмамбет Жээнбеков;

— Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев;

— Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими Бактыбек Анаркулов;

— Чүй районунун акими Жыргалбек Шакиев ;

— Чүй облусунун Жайыл районунун акими Төрөгелди Түркбаев;

— Чүй облусунун Кемин районунун акими Алайбек Жумаев;

— Чүй облусунун Москва районунун акими Ниязбек Козуев;

— Чүй облусунун Панфилов районунун акими Маил Алияскаров;

— Чүй облусунун Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев;

— Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими Алмазбек Осмонов;

— Нарын облусунун Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров;

— Нарын облусунун Ат-Башы районунун акими Эмилбек Абдыкадыров;

— Нарын облусунун Жумгал районунун акими Жамшит Матанбаев;

— Нарын облусунун Кочкор районунун акими Эрмекбай Омошев;

— Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров;

— Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насиров;

— Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими Мураталы Тагаев;

— Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими Байышбек Астанакулов;

— Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими Каныбек Адиев;

— Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️