Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Түптүк С.Борончиева аары багуунун сырын билбей, көпчүлүгүн өлтүрүп алгандыгын айтат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайловка айылынын тургуну Сонун Борончиева элетте бал өндүрүү менен алек. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Биздин айылда көп улуттун өкүлдөрү жашашат, бирок басымдуу бөлүгүн орус эли түзөт. Жергиликтүүлөр бири-бири менен сый мамиледе болуп, дайыма ынтымакта күн кечирип келишет. Үйдө бекер отура бербестен жаңы иш баштоого аракетибизди көрүп, айылда атайын майыптар коомдук уюмун түздүк. Мындан улам өкмөттөн жардам күтпөй, долбоор жазып, демөөрчүлөрдү издедик. Ошентип ишибизди улантып, айылга чакан тигүү цехин ачып, 10дон ашуун кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылдык.

Өткөн жылы бал челек кармап, аары багууга өттүк. Эч кандай тажрыйба жок эле баштадык. Аарылар долбоор менен көмөкчү фонд аркылуу келди. Багуунун сырын билбей, алгач башталганда көптөгөн аарыларды өлтүрүп алдык. Анан багууну үйрөнүп, көбөйтө баштадык. Аарынын түрү көп болот экен. Алар — жумушчу аарылар, чалгынчы аарылар, бал жыйноочу аарылар, кабыл алуучу аарылар, сакчы аарылар, тазалагыч аарылар, тазараткыч эркек аарылар жана эне аары болуп бөлүнөт.

Жакшы түшүм алып, реабилитациялык борбордогу балдарга жылына эки ирет бердик. Жакынкы күндөрү Германиядан эне аарылар келери күтүлүүдө. Мындан ары да өнүктүрүүнү максат кылып жатабыз. Айылда тургундарды иш орундары менен камсыз кылуу багытында алдыда дагы аракеттерди көрүп келебиз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE