Пример HTML-страницы

Түп районунун Токтоян айылында жүргөн селдин кесепеттери жоюлду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТүп районунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 22-июнда саат 15:40 чамасында нөөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл облусунун Түп районунун Токтоян айылындагы кокту-колоттордон түшкөн сел суулары арыктан ашып, 11 үйдүн короосун каптаган.

Жерине ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан жана Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, райондук жарандык коргонуу кызматтары тартылган.

Суу өтүүчү арыктарды кеңейтүүгө 2 экскаватор, 1 жүктөгүчтүн тартылып, 200 метр аралыгы тазаланды.

Ал эми сел сууларынын кесепеттерин жоюуда 2 мотопомпа, 20 куткаруучу, жарандык коргонуу кызматынан 21 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам иш алып барып, сел суулары кирген 3 үйдүн жер төлөөсү толугу менен тазаланды.

Буга чейин жергиликтүү тургундар эки жолку катуу жааган жамгырдан улам айыл ичин кыян каптап, турак жайларга, жер төлөө жана сарайларга сел суусу кирип, үлүш жерлерди жууп кеткенин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE