Пример HTML-страницы

Түп районундагы башкы имам — фермер Бакыт Кайкиев 25 миң долларлык кочкорун көрсөттү

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп районунун 43 жаштагы тургуну Бакыт Кайкиев 5 жылдан бери «Арашан» породасындагы кой-кочкорлорду багып, киреше табууда. Учурда кочкорлордун алды 200 кг салмакка жетсе, ургаачы койлордун баасы 5 миң долларга бааланууда.

Б.Кайкиев эки кесипти аркалап, азыр жергиликтүүлөргө да кызмат көрсөтөрүн айтат.

«Менин түпкү тегим Түп районуна караштуу Ой-Булак айылынан болот. Өзүм Каракол шаарында чоңоюп, ошол жердеги мектепте билим алдым. 2003-жылы К.Тыныствнов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин экология факультетин аяктасам, 2009-жылы диний багыттагы окуу жайды бүтүргөм. Азыркы тапта Түп районунун борборунда башкы имам-хатиби кызматында эмгектенип жатам. Аны менен катар 5 жылдан бери «Арашан» породасындагы кой-кочкорлорду багып, киреше булагына айлантуудамын», — деди ал.

3 уулга тарбия берген Б.Кайкиев азыркы тапта чарбасында жогорку салмактагы кочкорлор багылып жатканын, баасы 25 миң долларга чамалай турганын белгиледи.

«Сандан сапатка өтүү — мезгилдин талабы болуп жатат. «Арашан» породасындагы кой баласы көрктүү, салмактуу келет экен. Жем-чөптү кадимки чарба мал сыяктуу эле талап кылат. Болгону башкалар менен аргындашып кетпеши үчүн өзүнчө багуу керек. Беш жылдан бир калыпта кармап, селекция кылып келе жатам. Азыркы тапта чарбамда 30 баш тубар кой бар. Жылына 30 башка көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бар. 3 айлык козу-кочкорлор 50 миң сомдон 2 миң долларга чейин бааланат. Ал эми ургаачы токтулар 5 миң долларга чейин болот. Бою 1 метр 30 см түзүп, салмагы 180-200 кг болгон кочкор 25 миң долларга чейинки наркты түзөт. Мисалы, булардын эт берүүсү 100 килограммдан жогору. Ал эми куйругу 25-30 килограммга жетет. Мындай кой-кочкорлорго Өзбекстан, Казакстан жана Орто Азия өлкөлөрүндөгү фермерлер кызыгып жатышат», — деди ал.

————-

Бул порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган. Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн.

«Арашан» породасындагы койлорду бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоюшат. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.

Козуларынын болжолдуу баалары 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE