Түп районунда кара куурайдан 261,7 гектар жер жабыркаганы аныкталды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБыйыл Ысык-Көл облусунун Түп районунда кара куурайдан 261,7 гектар жер жабыркаганы маалым болду.

Райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына ылайык, 2024-жылдын эсебине жалпы 6 гектарга жакын жер аянты изилденип, өткөн жылдарга салыштырмалуу 5-6 гектарга көбөйгөнү аныкталган.

Бүгүнкү күндө кара куурайды жок кылуу иштерине бардык айыл аймактардан 113 адам тартылып, кол менен жана механикалык жол менен чабылып, жок кылынууда.

«Изилдөө мезгилинде эң жыш жайгашкан аймак катары 84 гектар аныкталды. Бул жылы аба ырайы жаанчыл болгонуна байланыштуу жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу район боюнча кара куурай 6 гектарга көбөйдү. Учурда жалпы 10 гектардан кол менен жана техниканын жардамы менен чабылып, 4 тоннага жакын масса жок кылынды», — дешет адистер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️