Түп районунда 6 айдын жыйынтыгы чыгарылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 17-июль күнү Түп районундагы кичи жыйындар залында 2024-жылдын 6 айынын жыйынтыктоочу кеңешме өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, отурумга район жетекчилери, айыл аймак башчысы жана жергиликтүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Күн тартибинде аймактагы социалдык-экономикалык абал, социалдык мекемелердин курулуш иштери жана билим сапатын көтөрүү боюнча 3 маселе каралды.

Түп району акыркы жарым жыл аралыгында жергиликтүү жана республикалык бюджетти 100 пайыздан ашык толтурганы маалым болуп, өндүрүштүн көлөмү пландык көрсөткүчтү аткарганы белгилүү болду. Ал эми курулуш иштери боюнча 2024-жылдын эсебине Түп районунда жалпы 54 мекеменин курулушу жүрүп жатканы ырасталды. Анын алкагында Карасаев, Балбай, Ысык-Көл, Каркыра айылдарында 6 мектептин курулушу жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары Түп айыл аймагындагы эки мектептин курулушу башталуу алдында турары айтылды.

Мындан сырткары, быйылкы окуу жылына карата 3 бала бакчаны, райондук оорукананын 60 орундуу имаратын ачуу пландалууда. Ал эми били берүү тармагы боюнча райондон 4 бүтүрүүчү ЖРТдан 200 упайдан жогору алып, өсүш болгону менен «Алтын тамга» артыкчылык аттестаты жана «алтын сертификатка» илинбөө билим сапатын артка тартканы сын катары айтылды.

Пример HTML-страницы

«Райондогу билим берүү мекемелердин абалы, тактап айтканда окуучулар менен мугалимдерге карата жылдан жылга шарт түзүлүп, жаңылоо болуп жатат. Тилекке каршы, билим деңгээлин алдыга жылдыра албай келе жатабыз. Башка райондордой эле биздин аймакта да “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын жана “алтын сертификатты” ала албай калуудан уялуу керек. Андыктан окуу тартибин көзөмөлдөгөн мектеп директорлору жана тарбия, билим берүү боюнча орун басарлар көңүл буруп, окуучулар менен ар тараптуу тыгыз байланышта иш алып баруу зарыл», — дешет коллегиянын мүчөлөр

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️