Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №34 өрткө каршы куткаруу бөлүгүндө ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чаранын негизги максаты —табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү, маалыматты жана тажрыйбаны калкка жайылтуу, өзгөчө кырдаалдарда калктын иш-аракеттерин системалаштыруу, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу.

Мерчемдин негизинде билим берүү мекемелеринде жарандык коргонуу боюнча ачык сабактар өтүлдү. Мындан сырткары куткаруучулардын ишмердүүлүгүн чагылдыруу максатында «Куткаруучу» темасында мыкты сүрөт жана мыкты ыр боюнча окуучулар арасында сынак жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️