Пример HTML-страницы

Түнкүсүн тердеп, табит жоголуп, салмак азаят: Аба аркылуу тараган оорудан кантип сактануу керек?

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районунда кургак учук менен ооругандар көбөйүп жатканы байкалууда. Бул тууралуу Нарын райондор аралык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Ат-Башы району боюнча башчысы Нургүл Каипова билдирди.

Ал кургак учук, анын жугуу жолдору, түрлөрү тууралуу айтып берди.

Кургак учук — аба аркылуу жугуучу, кɵп учурда ɵпкɵнү жабыркатуучу жугуштуу оору. Ар бир адам кургак учук оорусу менен ооруп калышы мүмкүн. Себеби оору аба аркылуу жайылат. Оорулуу адам чүчкүргɵндɵ, жɵтɵлгɵндɵ какырык менен кургак учук бактериялары бɵлүнүп чыгып, айланадагы оорубаган адамдарга жугат. Оорунун козгогучу бактериялар болгондуктан ага жуучу каражаттар да таасир этпейт. Жердеги чаңда, китептердин арасында жана башка жерлерде 3-4 жылга чейин жашай берет. Кургак учук ачык (бацилярдуу) жана жабык болуп 2 түргɵ бɵлүнɵт.

«Акыркы 3 жылдагы кɵрсɵткүчтɵр боюнча алсак, жабык түрү менен ооругандар 2020-жылы 19 учур катталган болсо, 2021-жылы 21 учур, ал эми 2022-жылы 25 учур катталып, оорунун көбөйүү динамикасы байкалууда. Ал эми кургак учук оорусунун ачык түрү менен 2020-жылы 4 учур катталган болсо, 2021-жылы 6 учур, 2022-жылы 6 учур катталган. Айта кетчү нерсе, оорунун көбөйүп жаткандыгы өкүнүчтүү көрүнүш. Бирок ооруну жашырбай өз убагында эпидемиологиялык иликтөө иштери сапаттуу жүрүп жаткандыктан, оору эрте табылып, айрыкча оорунун ачык түрү менен ооруган адамдар өз убагында дарылоого жиберилип, алар менен тыгыз байланышта болгон адамдар тиешелүү медициналык изилдөөлөрдөн өткөрүлүп келүүдө. Бул эмне жөнүндө баяндайт? Кургак учуктун ачык түрү менен ооруган адам оорунун түздөн-түз булагы болгондуктан ал эрте табылып, ооруканага жиберилсе, убагында изоляция болуп, башка адамдарга жугуу тобокелдиги азаят. Ошондуктан «ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт» дегендей, ооруну эрте табуу кургак учукту алдын алууда өтө маанилүү.

Ачык түрү менен ооруган кишиде микроб жөтөлгөндө, чүчкүргөндө какырык, шилекей менен аба аркылуу жайлат. Кургак учук ɵпкɵнү гана эмес башка органдарды да жабыркатат: сɵɵк, муун, тери, бɵйрɵк, ичеги-карын, нерв системасы, кɵз жана башка органдарды жабыркатат», — деди ал.

Эгер сизде же сиздин жакындарыңызда тɵмɵндɵгүдɵй белгилер байкалса:

— эки жумадан ашык жɵтɵлүү;

— түнкүсүн тердөɵ;

— дене табынын жогорулашы;

— табиттин жоголушу;

— салмактын азайышы;

— алсыздык, чарчоо пайда болсо, анда жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна, ФАПтын медициналык кызматкерлерге кайрылуу зарыл.

ϴпкɵнүн кургак учугун жокко чыгаруу үчүн:

— медициналык кызматкерлердин кеңешин алуу;

— ҮДТ, ФАПка барып, какырыкты изилдɵɵгɵ тапшыруу;

— рентген же флюроография изилдөөлөрүнөн ɵтүү зарыл.

Кургак учукту дарылоо алты айдан кем эмес убакытка созулат. Дарыланууну үзгүлтүккɵ учуратуу же дарыланууну ɵз алдынча токтотуп коюу менен дарыланышы татаал жана узакка созула турган (2 жылга чейин) кургак учуктун дарыга туруктуу оор түрүнүн пайда болушуна алып келет. Стационардык же үй шартында (амбулатордук) дарылоону дарыгер бейтап менен биргеликте дайындайт. Кургак учукту үй шартында (амбулатордук) дарылоо бейтапка кɵнүмүш жашоосун улантууга, коомчулукта болууга мүмкүнчүлүк берет жана оорукана ичиндеги кургак учуктун оор түрлɵрүнүн жугуу коркунучун азайтат.

Кургак учук дарты бул социалдык оорулардын катарына кирген дарт. Себеби оорунун пайда болуусуна адамдын жашоо шартынын деңгеээли түздɵн-түз таасирин тийгизет. Алсак, аба аркылуу микобактериялар 90% ашык адамдын организимине кирет, бирок алардын ичинен жашоо шарты начар, тамактануусунун сапаты тɵмɵн адамдардын кургак учук оорусун жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү жогору болот.

Ошондуктан ооруну жуктуруп алуу коркунучун азайтуу үчүн:

— сапаттуу, толук кандуу тамактануу;

— жашоо шарттын деңгээлин кɵтɵрүү;

— тазалыкты дайыма сактоо;

— оорунун белгилери байкалса, учурда ɵз учурунда ɵз убагында дарыгерге кайрылуу;

— сергек жашоо эрежелерин аткаруу;

— спирт ичимдиктерин пайдаланбоо;

— тамеки, чылым чекпɵɵ;

— спорт менен машыгуу;

— таза абада кɵп сейилдɵɵ, ɵздүк гигиенанын эрежелерин сактоо .

Кургак учук оорусу эрте табылган учурда оңой жана жеңил дарыланарын, ооруну алдын алуу оңой жана арзан экендигин эстен чыгарбоо зарыл.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE