Түндө Жалал-Абад шаарындагы кампада ири өрт кырсыгы катталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында балдардын буламыгы (смесь) сакталган кампада өрт чыкты.

Маалым болгондой, тилсиз жоо бүгүн, 5-сентябрда саат 00:05те калаанын Абдраманов көчөсүндө жайгашкан «Жалалабадское СМУтт» жабык акционердик коомуна тиешелүү кампада болгон. Мекеменин кызматкерлеринин бири имараттын 1800 чарчы метр аянты жана чатыры толугу менен өрттөнгөнүн айтты.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын маалыматына караганда, кампадагы өрттү өчүрүү үчүн жалпы 3 өрт өчүрүү бригадасы тартылган.

«Бүгүн, 5-майда саат 00:05те Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө чалуу болуп, калаанын Абдраманов көчөсүндө жайгашкан «Жалалабадское СМУтт» жабык акционердик коомуна тиешелүү 3600 чарчы метр кампада өрт чыкканы айтылган. Жерине 3 өрт өчүрүү бригадасы тартылып, саат 01:20да өрт курчоого алынып, таңкы саат 08:42де өрт толугу менен өчүрүлдү. Имараттын шириндик жана балдардын буламыгы сакталган 1800 чарчы метр аянты жана имараттын чатыры толугу менен өрттөндү. Ушул тапта өрттүн келип чыгуу себептери такталууда», — деп айтылат маалыматта.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «Жалалабадское СМУтт» жабык акционердик коомунун жетекчиси – Жураев Мурат Каттабекович. ЖАК 2008-жылы 17-январда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: адистештирилбеген дүң соода-сатык.

Пример HTML-страницы

Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда 294 өрт кырсыгы катталып, 9 жаран көз жумган. Тилсиз жоодон 57 миллиондон ашуун материалдык чыгым келтирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️