Пример HTML-страницы

Түндө топтолгон Ак-Ордонун тургундары кимди байлап салышты? (толукталды)

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо конушунун тургундары түндө ууруларды колго түшүрүштү. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочулар билдиришти.

Тургундар уурулардын изине түшүп, аларды жазалабаса, мындай окуялар көп болорун айтышты.

«Биздин Ак-Ордо конушубузда уурулук, ээнбаштык жана башка кылмыштар көп болуп жатат. Түндө эле №511 контурдагы үйгө ууруга кирген кишилердин бирөөсүн кармап калышты. Экинчиси качып кетиптир. Ошондой эле, дагы бир акылынан жабыр тарткан бала жаш балдарды ээн үйлөргө алып барып, сабап жүргөнү айтылып жатат», — деди алар.

Бул видео тургундар тарабынан берилди. Анда кармалган кишини байлап салышканын көрүүгө болот.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылдын 24-майында Сокулук РИИБге 1997-жылы туулган К.К. арыз менен кайрылып, аталган күнү саат 00:30 чамасында белгисиз эки адам үйүнө кирип, 300 долларын жана 2000 сом акчасын уурдаганын, ошол эле учурда бул адамдардын бирин кошуналары кармап алышканын билдирген.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде катталган. Шектүү катары 1991-жылы туулган О.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан шектүү кылмыш болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн «Айбек» аттуу адам менен кылмыш жасагандыгын аныкташкан.

Учурда экинчи шектүүнү аныктоо жана кармоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан бардык зарыл болгон тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, кармалган адамдын Чүй облусунун аймагында дагы ушул сыяктуу башка иштерге катыштыгы бар же жок экендиги иликтенип жатат.

Сотко чейинки тергөө иши уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE