Түндө Таластагы милиционерлердин 31 унаасы чогулду (видео)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТалас ОИИБдин имаратынын алдына кызматтык унаалар «ИИМ 100» жана «Талас» деген жазуу болуп тизилишти. Бул тууралуу аталган түзүмдөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, быйыл кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 100 жыл толду. Бул датага караганда Талас ОИИБдин имаратынын алдына кызматтык автоунаалар менен «ИИМ 100» жана «Талас» жазуусу жазылды. Бул үчүн Талас ОИИБдин, Талас ШИИБдин, Талас, Бакай-Ата, Айтматов, Манас райондорунун ички иштер бөлүмдөрүнүн, облустук ЖКККБнын, ИИМдин Күзөт кызматынын Таластагы бөлүмүнөн жалпы 31 унаа тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️