Түндө Талас шаарындагы унаа сүзүп кеткен аял көз жумду

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush20-июлда саат түнкү 22:30 чамасында Талас шаарындагы унаа кырсыктан 56 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, ал өзүнүн мектепте окуган уулу менен эшиктин алдындагы жашылчасын сугарууга чыгышкан. Ал учурда жолдо келе жаткан «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен. Аны оор абалда ооруканага алып кетишкен.

Ал эми Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери бул окуя болгонун тастыктап, аял Талас облустук ооруканасына жеткирилип, бир аз убакыттан кийин каза болгонун билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️