Түндө Ноокатта сел жүрүп, жол жабылып калган. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 20-июнда саат 21:50 чамасында Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагында сел жүрдү. Анын кесепетинен жолдор жабылган.

Ал эми Ноокат райондук администрациясынын маалыматы боюнча, селдин кесепетин жоюуда тишешелүү кызматтар түнү менен иш алып барды. Учурда жол эки тараптуу ачык.

«20-май күнү түндө тоого, жайлоого жааган жаандын кесепетинен Көк-Жар айыл аймагынын Жийде айылынын Арчалуу-Тескей сел сайынан сел суулары түшкөн. Анын кесепетинен Ош—Баткен—Раззаков жолунун 55-чакырымында жол шагыл-таштарга толгон.

Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу — 3 кызматкер, кызматтык унаасы менен, айыл аймак тарабынан 5 кызматкер жана 1 даана экскаватор, токой чарба ишканасынан 2 кызматкер, Ноокат РИИБден 4 кызматкер, 2 даана кызматтык унаа, №37 жол тейлөө мекемесинен 1 даана грейдер тартылып, селдин кесепети жоюлду», — деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️