Пример HTML-страницы

Түндө Кадамжайда ат менен бараткан эки тургунду унаа сүзүп, бири ооруканага түштү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш—Баткен—Раззаков унаа жолунда ат менен бара жаткан адамды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

Алардын айтымында, окуя бүгүн, 14-июнда саат 01:30 чамасында унаа жолдун Кадамжай районунун Айрыбаз айыл айылында болгон. Анда «Хендай Санта Фе» (Hyundai Santa Fe) үлгүсүндөгү унаа атчан бара жаткан эки адамды сүзүп кеткен. Алардын бири жабыркап, ооруканага түштү.

Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү Turmush басылмасына тастыктаган маалымат боюнча, унаа сүзүп кеткен жаран Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жаткырылды. Унаанын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен. Ал колго түштү.

Ал эми бейтаптын абалы жакшы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE