Пример HTML-страницы

Түн ичинде балдызын сулата чапкан жезде башка кылмышы үчүн 5 жылга кесилди

TurmushЖогорку соттун соттук коллегиясы милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн кишинин кылмыш ишин карады. Өкүм 2023-жылдын 15-февралында кабыл алынган.

Надырбек (аты өзгөртүлдү, И.З.О.) 1978-жылы Ош облусунда туулган, билими орто, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон, эч жерде иштебейт.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Надырбек 2021-жылдын 2-майында болжол менен саат 23:00 чамасында Сокулук районуна караштуу айылдардын бириндеги мал сарайдын жанында өзүнүн балдызы Гүлүмдү (аты өзгөртүлдү, Г.Т.) ур-токмокко алган. Ошол учурда Сокулук РИИБдин Күн-Туу АМБнын аймактык тескөөчүлөрү Жамалбек (аты өзгөртүлдү Ж.Ы.) менен Шарше (аты өзгөртүлдү, Ш.Р. уулу) тынчтанып, кулак салууну суранышкан. Бирок аларга көңүл бурбай, коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин атайылап одоно түрдө бузуп, Ж.Ы.нын кызматтык кийиминин сол жеңин желке жагынан тартып, колтугуна чейин айрып, аскердик чинин каршылык көрсөтүп жатып жулуп салган. Ошондой эле Жамалбекти бетке муштум менен уруп жиберген.

Сокулук райондук сотунун 2021-жылдын 12-июлундагы өкүмү менен Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (бийлик өкүлдөрүнө, же болбосо коомдук тартипти коргоо боюнча милдеттерди аткаруучу башка адамдарга каршылык көрсөтүү) боюнча 5 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Чүй облустук сотунун соттук коллегиясынын 2021-жылдын 7-октябрындагы өкүмү бул өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

Надырбек жана жактоочусу А.А. кассациялык даттанууда биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттун соттук актыларын өзгөртүп, пробациялык көзөмөл колдонуп берүүнү суранышкан.

Биринчи инстанциядагы соттук отурумдарда жабырлануучу Жамалбек буларды көрсөткөн. 2021-жыллын 2-майында болжол менен саат 22:00 чамасында ага Гүлүм телефон чалып, аны Надырбек коркутуп жатканын айтып, жардамга чакырган. Жамалбек айтылган дарекке барып, мас абалындагы Надырбек менен сүйлөшүп, профилактикалык иштерди жүргүзүп кеткен.

Көп өтпөй аталган дарекке кайра чакыруу түшкөн. Жабырлануучу ал жерге барган учурда Надырбек өзүнүн нааразычылыгын айтып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп, Гүлүмдү уруп жиберген. Ал эс-учун жоготуп жыгылган. Аларды Жамалбек бөлүштүрүүгө аракет кылган учурда Надырбек погонун жулуп салган. Жабырлануучу ага алы жетпей калганда нөөмөт бөлүмүнө телефон чалып, жардам чакырган.

Кошумча милиция кызматкерлери келген учурда Надырбек аларга дагы баш ийбей, ур-токмогун уланткан.

Биринчи инстанциядагы соттук отурумдарда жабырлануучу Шарше буларды көрсөттү. 2021-жылдын 2-майында болжол менен саат 22:00 чамасында ал Күн-Туу аймактык милиция бөлүмүндө иш ордунда отурганда милиция кызматкерине кол салуу тууралуу чакыруу түшкөн. Ал жерге барып, Надырбекти сарайдын жанынан кармаганга аракет кылган. Бирок Надырбек аны түртүп жиберген. Ошентип соттолуучуну унаага салып, аймактык бөлүмгө алып келишкен.

Жыйынтыгында Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун 2021-жылдын 12-июлундагы жана Чүй облустук сотунун соттук коллегиясынын 2021-жылдын 7-октябрындагы өкүмдөрү күчүндө калтырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE