Пример HTML-страницы

Түрмөдөн качуу 14 адамдын өлүмүнө алып келген. «Шумкар» атайын багыттагы полктун мурунку аскеринин баяны

Акыркы жанылыктар

TurmushПанфилов РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын улук тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Алмазбек Халматов 2015-жылы түрмөдөн качкан өтө кооптуу кылмышкерлерди кармоо операциясына катышкан. Каарманыбыз менен аймактык кабарчы таанышты.

Алмазбек Халматов 1991-жылы Ош облусунун Араван районунда жарык дүйнөгө келген.

«Жаш кезимдеги милиция болом деген кыялым орундалып, 2013-жылдан тарта КР ички иштер органдарынын катарына келгем. Учурда Панфилов РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында кызмат өтөп, өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу багытында өз салымымды кошуп келүүдөмүн.

Билимим жогорку. 2021-жылы ИИМдин академиясын аяктагам. Бала кездеги кыялыма бир тууган таякем түрткү болду. Маркум таякем Максат Бейшембаев ички иштер кызматына иштеп жүргөндө “мен сени милиция кызматкери кылам” деп көп айтчу. Таякемдин көзү өтүп кеткенден кийин тийиштүү документтерди чогултуп, 2013-жылдын декабрь айында КР ИИМге караштуу милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборуна тапшырдым. 2014-жылдын январь айынан тартып “Шумкар” атайын багыттагы полко жумушка орноштум. 2016-жылдын август айында Панфилов РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө которулдум. Ал эми офицердик кызматка 2021-жылы келдим. 2022-жылы милициянын аймактык ыйгарым өкүлү кызматында иштеп жүрүп, 2022-жылдын июль айынан тарта азыркы кызматымда иштеп жатам. Үзүрлүү эмгектин арты менен Кара-Балта шаарынан мамлекеттик ипотекага аркылуу эки бөлмөлүү батир алдык.

Жаш балдар менен иштешкендиктен Вознесеновка айылында жайгашкан №14 мекемесинен “Азамат” 3-даражадагы сыйлыгын алгам», — деди ал.

Каарманыбыз жумушуна байланыштуу эсте калган кызыктуу окуяларынан бөлүштү.

«Тергөө кызматында иштеп жүргөндө өрттөнүп жаткан турак жайдын ичинен үй ээсин куткарып чыкканбыз. Анда нөөмөттө болчумун. Үй өрттөнүп жатат деген чакыруу келип түштү. Тергөө-ыкчам тобун чогултуп, тез арада жетип бардык. Кесиптешим Жанарбек Капалов экөөбүз күйүп жаткан турай жайдын ичине кирип, үй ээсин куткарып чыкканбыз.

Дагы бир окуя эсимен кетпейт. 2015-жылы күз айында Чүй облусундагы түрмөлөрдүн биринен өтө кооптуу 9 кылмышкер качып кетишкен. Анда мен “Шумкар” атайын багыттагы полкто кызмат өтөчүмүн. Ал кылмышкерлерди күнү-түнү издеп, суу кечип, токой аралап, айылдарды кыдырганбыз. Ал кылмышкерлердин көбү өтө коркунучтуу, өмүр бою эркинен ажыраган кылмышкерлер болчу. Алар түрмөнүн кайтаруучуларын өлтүрүп, андан кийин качып чыгышкан. Ал убакта бул жаңылык борбор калаанын жана Чүй облусунун тургундарынын үрөйүн учурган. Арасынан А.И. деген кылмышкер катуу каршылык кылганы көбүнүн эсинде.

Бул окуяда жалпы 14 адам каза болгон. Алардын ичинен экөө жөнөкөй жаран, бирөө спецназ, бешөө түрмө кызматкерлери болсо, калган алтоо түрмөдөн качкан кылмышкерлер болгон», — деди ал.

Алмазбек Халматов үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын атасы. Өзү беш бир туугандын төртүнчүсү. Бош убактысында футбол ойнойт.

  • 2015-жылдын октябрь айында №50 СИЗОдон 9 адам качып, бир нече кызматкер каза болгон. Алардын айрымдары кармалса, айрымдары кармоо учурунда каза болгон. Окуядан кийин СИЗОнун мурдагы башчысы Иманкул Телтаев асынган абалда табылган. Ал кезде Ички иштер министрлигин Мелис Турганбаев жетектеп турган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE