Пример HTML-страницы

Түркияда бозонун литрин 400 сомдон саткан Алтынай Эркинбекова мекенге келип, өз ишин баштады

Акыркы жанылыктар

Turmush30 жаштагы Алтынай Эркинбекова Түркияда жалпы 8 жыл иштеп келген. Ал жакта түрк ашканасын өздөштүрүү менен катар кыргыздын улуттук суусундуктарын жайылтып келгенин айтып берди.

«Мен Чолпон-Ата шаарында чоңойдум. Мектепти аяктаган соң, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде билим алгам. Ал жактан кыргыз тили жана адабият сабагынан мугалим адистигине ээ болдум. Студент кезде түрк тили боюнча курстарга барат элем. Мындан улам түрк маданиятына кызыгуу пайда болуп, ал жерди көрүүнү кыялдана баштадым. Жогорку окуу жайды бүтүргөн соң, Түркияга бардым. Анда алгачкы жылдары бала багуучу болуп иштедим. Анан бир үй-бүлөгө тамак жасап иштеп калдым. Ашпозчулукту, таттуунун түрүн жасаганды ошол жактан кеңири өздөштүрдүм десем болот», — деди ал.

Алтынай Кыргызстанга келгенде өмүрлүк жарын таап, баш кошушкан. Бирок алардын балдары Түркияда жарыкка келишкен.

«Жолдошум Түп районунун Жылуу-Булак айылынан болот. Экөөбүз таанышып, сүйлөшүп баш коштук. Иштөө үчүн Түркияга чогуу кеттик. 2018-жылы боюмда болуп калды. Анан декреттик өргүүгө чыгууга туура келди. Таңдан кечке үйдө бекер отурбастан акча табууну ойлондум. Анталияда кыргыз кафелери көп. Ошол жакка жарма, бозо жасап сунуштап көрдүм. Алар жарманын литрин 250 сомдон, бозонун литрин 400 сомдон ала башташты. Балам төрөлгөндөн кийин да бул ишти улантып жаттым. Мекенди сагынган кыргыздар улуттук суусундукту баалап ичишчү. Жарма, бозо жасаганга талкан, таруу жана башка керектүү азыктардын баарын Кыргызстандан алдырчумун. Ошентип, Түркия жергесинде эки балалуу болдук, анан мекенге кайттык», — деди ал .

Алтынай бош убактысында таттууларды жасап, айылдаштарына сунуштап келген. Эми Каракол шаарында өз ишин баштады.

«Уулум 5 жашта, кызым 1 жаш 10 ай болду. Айылда жумуш жок деп отурбастан булочка, пирогдорду жасап айылдаштарга сатып баштадым. Бош отургуча балага жалаяк (памперс) алганга да жарайт да. Учурда Каракол шаарындагы дүкөндөргө пончик, пирог, тортторду үйдөн жасап сатып жатам. Келечекте түрк таттуулары менен биргеликте кофе сыяктуу суусундук саткан жай ачам деп чыгынып жатам», — дейт Алтынай айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE